Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уктап жаткан кемпирдин үстүнө кантип кут түшкөн?

Уктап жаткан кемпирдин үстүнө кантип кут түшкөн?

12-октябрь, 17:59
1 700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Метеорит үйдүн чатырын тешип, уктап жаткан байбиченин жаздыгына түшкөн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, окуяга күбө болгон Рут Гамильтон аттуу байбиче уктап жатып катуу “тарс” эткен добуш менен бетине түшкөн ысык күлдөн чочуп ойгонгон. Жаздыгына каралжын кызыл нерсе түшүп, жаздык күйүп жатканын көргөн. Кооптонгон байбиче куткаруучуларга чалып, жардыруучу нерсе жаздыгына түшкөнүн билдирген. Алар келишип, бул жардыруучу зат эместигин айтуу менен ал үйгө асмандан метеорит түшкөнүн айтышкан.

“Мен бул окуяга аябай таңданып жатам. Миллиарддаган жылдан бою көк асманда учуп жүргөн таш бир күнү үйүңдө уктап жатсаң жаздыгыңа түшөт деген эч кимдин оюна келбесе керек. Эң негизгиси, жашоо баа жеткис экенин түшүндүм. Өз үйүңдө, болгондо да жаздыгыңа таш түшөт деп ким ойлойт” деп сезимин бөлүшөт жабырлануучу Гамильтон байбиче.

Камсыздандыруучу компания үйдүн чатырчасынын бузулган жерлерин карап көрүүнү чечкен. Ошондой эле алар келишиминде ааламдан түшкөн таштар тууралуу жазылбаганын да билдиришкен. Жадагалса мындай болуп кетет деп ойлобогонун да жашырышкан жок.

Ал эми жабырлануучу өмүрдүн кымбатын дагы бир жолу катуу эскерткен ааламдан келген ташты небересине белек кылуу үчүн катып койгонун да билдирет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер