Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көзгө көрүнбөгөн кара күч үй-бүлөбүзгө сыноо жибергендей...

Көзгө көрүнбөгөн кара күч үй-бүлөбүзгө сыноо жибергендей...

12-март, 19:39
1 801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чет өлкөдө жашаганыма 29 жыл болду. Бул жылдардын 25ин тынч, беймарал өткөрдүм. Жолдошумду ар дайым бекем тирек, ишенимдүү коргоочу катары көрчүмүн. Ага толугу менен ишенип, андан өткөн жакшы адам жок деп ойлочумун. Өзүмдүн жакшы жумушум бар эле, уулубуз жеке мектепте, андан соң чет өлкөдөгү абройлуу университетте билим алды. Жолдошумдун жеке бизнеси, батирибиз, унаалар, саякаттары – баары бар эле. Бирок, бир күнү жашообуз түп-тамыры менен өзгөрдү. 

Бир жылдын ичинде баарын жоготтук. Ишканабыз банкрот болду. Ал менин атымда катталгандыктан, баардык карыздар да менин мойнума түштү. Ошол эле учурда жолдошумдун мени алдап жүргөнүн, башка дагы аялы бар экенин билдим. Бул кабар жүрөгүмдү тилип өткөндөй сезилди. Жумушумдан айрылдым, ар кандай көйгөйлөр чогулуп, жашоом тозокко айланды. Бул тууралуу кенен айтып отургум да келбейт. 

Мына, төрт жылдан бери жолдошум кайра бутуна турууга аракет кылып келет, бирок эмнеге гана кол сунбасын, баары ийгиликсиз аяктайт. Кайсы бир көзгө көрүнбөгөн кара күч үй-бүлөбүзгө оор сыноо жибергендей сезилет. Бул кыйын күндөр качан бүтөрүн билбейм, бирок үмүтүмдү үзгөн жокмун. Бир күнү бул караңгы эшик жабылып, жаңы, жарык жашоонун каалгасына кадам салабызбы?


Акылай   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер