Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Төрт жеке клиникага кайрылсам, баары тең башка жыйынтык чыгарып беришти”

“Төрт жеке клиникага кайрылсам, баары тең башка жыйынтык чыгарып беришти”

17-январь, 16:23
3 309 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гепатит дарты менен күрөшүп жүргөн Нургазы Батырбеков гепатит дартынын жайылышы, саламаттык сактоо министрлигиндеги башаламандыктар тууралуу ачуу чындыктын бетин ачып жүрөт. Бүгүн Нургазы Батырбеков дагы бир көйгөй тууралуу кеп козгоду.  

-- Урматтуу Кыргызстандын дарыгерлери!  Мен геппатит В, Д менен ооруп жүрүп, анан боор циррозу диагнозу коюлган. Ушул оору менен 20 жылдан ашык алышып, 10 жылдан бери такай (бир күн калтырбастан) дарыланып келе жатам. Ошол 10 жылдан бери ар кайсы макмлекеттик ооруканалардан сакая албаганымдан, жеке менчик ооруканаларга кайрылдым. Мына менин колумда төрт ооруканадан төрт башка оорумдун көчүрмөсү турат. “Эмне себептен төрт башка?” деп сурасам, алар “сен түшүнбөйсүң, себеби дарыгер эмессиң” деген жоопту беришет. Негизи дарылоо боюнча бир клиникалык протокол болот, ошол протоколдон чыкпаш керек. Макул, “Цадмир” жеке менчик клиника, аларда протокол жок. Бирок, жеке менчик болсо да саламаттык сактоо министрлигинин багытынан чыкпаш керек да. Алар малдын ден соолугу үчүн күрөшкөн жок, адамдардын ден соолугу үчүн күрөшүүдө да. Бул суроо сизге, урматтуу саламаттык сактоо министри Космосбек Сариевич!

Ошондой эле эмне себептен практикалык окумуштуу дарыгерлер менен кеңешпей туруп, каяктагы арзан, калып кеткен каптоприл, вазелинге окшогон дарыларды киргизесиңер? Ошон үчүн төрт дарыгер төрт түрдүү дарылайт. Мага окшогондор гепатит болуп келип, циррозго өтүп кетип жатат. Биз Кыргызстанда кандай дарыланышыбыз керек? Мен силерден дарыгер катары эмес, юрист катары сурагым келип жатат, силер протокол менен дарылайсыңарбы же жокпу? Ошондой эле дарылоо боюнча сиздин орун басарыңыз Анара Сагынбаевна Эшходжаева эч нерсе менен иши жок, көңүл бурбайт. 

Эми улуттук госпиталга токтолсок. Алар “бээнин жана төөнүн сүтүн ич” дешет. Ош облусунун Папан айлында “эшектин сүтү жакшы кылат экен” деп, ал жакта да бизнестер жүргүзүлүп жатат. Эми ошол бээнин сүтү боюнча, эшектин сүтү боюнча окумуштуулардын “дары экен” деген аныктамасы барбы? Кайсы окумуштуу дарыгер изилдеп чыккан, протоколго киргенби? Такталбаган боюнча, же протокол жок болсо, эмне үчүн дарыгерлериңиз кайдагы жомокторду айтып биздин башыбызды айландырат, урматтуу Космосбек Сариевич?! 

Биз билебиз, бээнин сүтү иммундук системаны көтөрөт деп, бирок боор циррозун дарылабайт да. Ушундай башаламандыктарды токтотуп, протокол боюнча жана дасыккан дарыгерлер менен иш алып барып, бизге окшогон бейтаптарга жардамыңызды тийгизсеңиздер, Кудай алдында да ак болор элеңиздер.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер