Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оорулуу адамга турмушка чыксам, 15-20 жыл эле жашаса кантем?

Оорулуу адамга турмушка чыксам, 15-20 жыл эле жашаса кантем?

18-март, 12:53
1 456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен турмушка чыгып, кайра ажырашкам. Кудайга шүгүр, бир кызым бар, күйөөм бизди таштап, Россияга кетип калган. Башка бир кыз менен сүйлөшүп жүрөт. Апам болсо "сен да эми турмушка чыгып, үй бүлө кур" деп жатат. Бир адам менен тааныштым, бирок жаман ойлобоңуздар, жолуккан жокмун. Намаз окуйт экен, ал да бир турмуш куруп, ооруп жатса аялы таштап кеткен экен. "Кызыңды багып алабыз, балада эмне күнөө, мага турмушка чык" деп жатат. Бирок оорусу бар экен. “Аллахым канча өмүр берсе, ошону татыктуу бактылуу жашап өткүм келет” дейт. Эгер ага турмушка чыксам, 15-20 жыл эле жашаса кантем? Эгер башкага турмушка чыксам, кызымды ата-энеме ташташым керек болот экен, кызымды таштагым келбейт. “Кантип кызымды энесиз коем?” деп жүрөгүм эзилди. Эмне кылсам, турмушка чыкпасам эртең иним үйлөнсө, мен да ашыкча болом бул үйдө. Мага кеңеш бериңиздерчи, эмне кылайын?


Аида 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер