Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев көп нерсеге өкүнүп, бармагын тиштеп аткандыр...

Атамбаев көп нерсеге өкүнүп, бармагын тиштеп аткандыр...

01-февраль, 21:30
1 155 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков күздөн бери түрмөдө ачкачылык кармап, абалы оорлоп жатышы, ошого катар тарапташтары да камалышып, сурактан башы чыкпай келишет. Ал эми Кадырбек Атамбаев, Раиса Атамбаева да улам тергөөгө чакыртылып, коомчулуктун көңүлүн бурдурууда. Жашоонун өзгөргөнүн карачы! “Түлкү заман” дечү беле? Кечээ эле Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жайнаган кошоматчылары, жандоочулары, дээрлик командасы бар болчу. Азыр үй-бүлөсүнө карата мүшкүл түшүп, кыйын кезең учурунда ошолордун бири жок. Колдоп, коргоп чыгуудан айбыгышып, коңулга кирип кетишкен. Депутаттык мандаты бар Сеид Атамбаев да тилин тишине катып, шүк отуруп калыптыр. Мындай көрүнүштөн чоң сабак алуу керек. “Тулпар тушунда...” дейт. Оомат тайса, кандай гана күчтүү бийлик болбосун, баары өзгөрүп, жандагандар жолошпой, жылан сыйпагандай образ жаралат тура. Алмазбек Шаршенович көп нерсеге өкүнүп, бармагын тиштеп аткандыр...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер