Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Салыктар орой жол менен чогултулса, келечектин тамырын кыркканга тете”

Эмил Үмөталиев: “Салыктар орой жол менен чогултулса, келечектин тамырын кыркканга тете”

14-октябрь, 21:07
468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы эле күндөрү учурдагы экономикалык абалыбыз тууралуу чоң форум өткөн экен. Экономикабызда кандай жаңылыктар, жаңы ойлоруңуз бар?

-- Дүйнөлүк банк менен өткөрүлгөн форум бул жакшы жагдай. Көптөн бери мындай талкуу, кеңешүү жоктой болуп кеткен. Бул эл аралык мамилелердин экономика, соода тармагындагы керектүү кеңешүүсү. Баардык эмес, бирок айрым маселелер каралды. Темир жол тууралуу иш уланып жатканын уктук. Камбар-Ата тууралуу айтылды. Бирок эмнегедир аэропорт тууралуу кеп козголгон жок. Биз билгендей, эл аралык аэропорттор дагы АВС уюмунун жардамы менен конкурстар даярдалып жаткан. Дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбалуу адамдарды чакырып, биздин аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сөз болмок.  

“Салыктардын көлөмү көбөйүп жатат” деген жакшы кабар да угулууда. Бирок бул эки тараптуу маселе. Кимден, кандай жол менен чогултулду? Салык төлөөчүлөрдүн акыбалы жаман болуп, ишеничтери жоголуп, ишке деген кызыкчылыктары кетип баратса, өтө орой, кысымга алуу жолу менен чогултулса, бүгүн көбөйгөнү менен эртеңки күндө салыкты төлөй турган ишкерлер суюлуп калышы мүмкүн. Анда келечегибизди ойлобой туруп тамырын кесип алгандай болуп, түшүмдү өстүрбөй эле эрте терип алабызбы? Бул дагы талкуулана турган маселелерден... 

Билим берүү тармагы тууралуу көп сөздөр болду. Анткени билим берүү бул чыгаша эмес, тескерисинче, экономикага киреше келтире турган тармак экени айтылды. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер