Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Аскар Акаевдин ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылат»

Бекболот Талгарбеков: «Аскар Акаевдин ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылат»

07-ноябрь, 23:42
1 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 10-ноябрда 80 жашка чыгат. Биз мурдагы вице-премьер-министр агабыз менен бул мааракеге карата маек курдук.

-- Бекболот байке, Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча эки ай мурда парламентке кат жолдогон эле. Бирок «коомчулук каршы» дегендей пикир менен ал өтүнүч четке кагылды. Сиз мындай пикирди кандай баалайсыз?

-- Бул жөнөкөй суроо эмес. Туура көрсөңүз, жагдайды толук түшүнүш үчүн өткөнгө саресеп салалы.

-- Макул, баштай бериңиз. 

-- Тарыхтан алсак, өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн башкы фактору алардын чоң же кичинесине, ресурстарынын бай же жардысына байланыштуу эмес экенин тастыктады. Башкысы, мамлекеттин башкаруу системасы, саясый жана экономикалык институттардын натыйжалуулугу экени белгилүү болду.

-- Башмыйзамга такап жаткан жоксузбу? Айрым юристтер «Улуу Британия Башмыйзамы жок эле өнүккөн өлкө» деп жүрүшпөйбү...

-- Алар тарыхты билишпейт. Дал ошол Англияда мындан үч кылым мурда, 1689-жылы эле парламент «Укуктар жөнүндө Билль» деген мыйзам кабыл алып, келечектүү мамлекеттик түзүлүш, башкаруу принциптерин негиздеген. Кийин кошумча мыйзамдар кабыл алынып, Улуу Британия парламенттик башкарууда жана демократиялык коомдо келатат.

-- Анда ушул өңүттөн постсоветтик өлкөлөрдүн тагдырына токтолсоңуз? 

-- Прибалтика өлкөлөрү эркиндик алаар менен (1991) парламенттик башкарууга өтүшкөн. Кийин аларга дагы эки өлкө (Грузия, Армения) кошулду. Бул беш өлкө өздөрүнө ылайык туура жолду тандап алышты. 

Кээ бир өлкөлөрдө туруктуу мамлекеттик системага өтүү оор болду. Алсак, Тажикстанда авторитардык жана демократиялык жолду тандагандардын ортосунда ири келишпестик жаралып, ал атуулдук согушка айланды. Алтымыш миң адам каза тапты.

Россия алгач президенттик-парламенттик (аралаш) системага өткөн. Жыйынтыгы, президент Борис Ельцин парламентти танкалар менен аткылатып, кан төгүлдү. Россиянын Башмыйзамын көчүрүп алышкан (1993) Казакстан жана Кыргызстанда президенттер менен парламенттери кансыз «согушуп», депутаттарды мөөнөтүнөн мурда кууп тынышты. Аралаш системадагы дагы эки өлкөдө (Украина, Молдова) ички жана тышкы жаңжалдар токтой элек.

Постсоветтик төрт өлкө – Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан авторитардык башкарууга өтүшкөн. Натыйжада, өткөөл мезгилде бул өлкөлөрдө туруктуулук сакталды. Бирок рынок экономикасына өтүү кечеңдеп, ортозаар жүрдү. Учурда Беларустун тышкы карызы 36 миллиард долларды, Өзбекстандыкы 31 миллиард долларды түзөт. Ал эми нефтиге бай Азербайжанда, газга бай Түркмөнстанда айыл калкы отуз жылдан бери жакырчылык сазында.

-- Өз өлкөбүзгө келели...

-- Кыргыз ССРин кризис 1989-жылы эле баскан. Кийинки, компартия башкарып турган 1990-жылы өнөр жай ишканаларынын төрттөн үчү токтоп, колхоз-совхоздордогу 8,3 миллион баш койдун эки миллиону жок болгон. Дүкөндөр аңгырап бош, азык-түлүккө талон системасы киргизилген. Ун менен камсыздоо 40 пайызды түзүп, элеттиктер картошка, улпак жеп калышкан. Товарлар экспорту 5 пайызды, ал эми импорту 95 пайызды түзүп, инфляциянын көлөмү миң пайыздан ашкан. Ал кездеги абалды биринчи премьер-министр Насирдин Исанов Ноокатка болгон иш сапарында (март, 1991-ж.) айтып берген: «Республиканын учурдагы жылдык кирешеси 1 миллиард рубль, ал эми айлык, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө эле бизге 4 миллиард рубль зарыл болуп жатат» деп. Эми элестетели, азыр (2024-ж.) өлкөбүздүн жылдык кирешеси орточо 380 миллиард сом. Демек, айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө андан төрт эсе, т.а., 1,5 триллион сом керек болсо, анда Акылбек Жапаровдун кабмини кандай трагедиялык абалда болмок? Бул маселени чечүү колдорунан келет беле? Орустар аймакчы, «судите сами»!

-- Ошондо эгемен Кыргызстандын алгачкы башкы максаты тезинен экономикалык реформаларды жүргүзүү экен да?..

-- Ооба. Зор тоскоолдуктарды жеңип, далай «азап-тозокту» баштан өткөрүш керек эле. Тарыхтан бир мисал. СССР 1922-29-жылдары рынокко кеңири жол берген. Бирок 1929-жылы Сталин коомдук экономиканы курууга киришкен. Башка системага өтүү кандай болду? Совет эли айыгышкан каршылык көрсөтөт. Сталин каршыларга эркинен ажыратуу, өлүм жазасын киргизет. Алгачкы беш айда эле эки миң адам өлүм жазасына тартылат. Жалпы беш жарым миллион адам камалып, Сибирге айдалган. Реформа ири ачарчылык жаратат. Андан беш миллион адам каза болгон. Мына, башка системага өтүүдөгү «азап-тозок».

-- Бизде кандай тоскоолдуктар жаралды?

-- Алгачкы зор тоскоолдукту «легендарлуу парламент» жасаган. Компартиянын бийлиги кулаар замат ( август, 1991-ж.) реалдуу бийлик Жогорку Кеңешке, анын региондордогу органдары – облустук жана райондук кеңештерге өткөн. Акимчилик түзүлө элек болчу. Жогорку Кеңеш экономикалык реформаларды өткөрүү, коомдук мүлктү менчиктештирүү боюнча программа кабыл алган. Аткаруучу органды – мамлекеттин мүлк фондусун түзүп, аны түздөн-түз өзүнө баш ийдирген (1992). Экинчи премьер-министр Турсунбек Чынгышев «Воспоминания: события, люди» деген китебинде жазат: «Когда эти вопросы рассматривались в парламенте (создание фонда госимущества), я категорически возражал против этого, говорил как может правительство заниматься приватизацией, если эта важнейшая структура не будет подчинена правительству» («Бийиктик-Плюс», 168-бет). Тилекке каршы, депутаттар зордукка салып, менчиктештирүүгө өздөрү киришкен. Алардын «күжүрмөн эмгеги» далай зыян алып келди. Мисалы, 1992-93-жылдары мүлк фондусу орус реформатору Чубайстын моделин (акционерлештирүү) колдонуп, республикадагы совхоздордун төрттөн бирин сатып жиберген. Айрым тыңчыкмалар (Данияр Үсөнов, Юсуп Дунларов ж.б.) бирден совхозду бүтүндөй сатып алышкан. Кийин, 1994-жылы гана Аскар Акаев жалпы элдик референдум өткөрүп, реалдуу бийликти өз колуна алып, акимчилик институтун түзүп, депутаттардын «бардагына» чекит койгон.

-- Ошондогу «өткөөл мезгилге» (1991-2000-жылдарга) кандай баа бере аласыз? 

-- Биринчи президент Аскар Акаевдин жана анын командасынын (алгачкы үч өкмөтү, анын башчылары: Насирдин Исанов, Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов) эмгеги зор болгон. Аны тарых тастыктады. СССРдин эбегейсиз кыйроосунун кесепетинен уранды алдында калган өлкөнү – эгемен Кыргызстанды оор кризистен сууруп чыгышып, өнүгүү жолуна салышты. Күнү бүткөн коомдук экономиканы Сталиндей болуп элди кырып-өлтүрбөстөн, тынчтык жолу менен рынок экономикасына өткөрүштү. Өлкө башына келишкен кийинки беш президенттин бирөөсү да «Бизге Аскар Акаев курган рынок экономикасынын кереги жок, биз коомдук же башка экономика курабыз» дешкен жок. Ошол рынок экономикасынын үзүрүн, жемишин көрүшүп, бийлигин жүргүзүп келишти. Президент Садыр Жапаров да алардын эмгегин жогору баалап, Насирдин Исановго жана Апас Жумагуловго «Кыргыз Республиканын Баатыры» деген наамды ыйгарып, ал эми Турсунбек Чынгышевди «Манас» ордени менен сыйлады. Ал да баатырлык наамга татыктуу эмгек жасаган.

-- Ырас, эксперттер белгилегендей, ар кандай тоскоолдук, кемчиликтерге карабастан эгемен Кыргызстан өткөөл мезгилде экономикалык реформаларды жүргүзүүдө лидер болгону талашсыз. Банк, финансы, коммуникация, соода, тейлөө, курулуш, айыл чарбадагы өзгөртүүлөр, улуттук валютанын убагында киргизилиши, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда алгачкы мүчө болушу ж.б. иштерди кантип танабыз?.. 

-- Өзүм катышкан факт келтирейин. Аскар Акаевдин жеке демилгеси, түздөн-түз башкаруусу менен жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформанын биринчи этабы (1994-98-жылдар) тарыхый мааниге ээ. Кыргыз айыл эли жер, мал, техника, мүлктүн чыныгы кожоюну болуп, эркин чарбачылыкка өткөн. Ал эми айыл реформасын кечеңдетип, чала-була жүргүзгөн өлкөлөр абдан утулушту. Салыштырсак, өткөн отуз жыл аралыгында кыргыз айыл элине караганда нефтиге бай Казакстандын айыл эли эки эсеге, газ, алтынга бай Өзбекстандын айыл эли үч эсеге, нефти, газга бай Россиянын, газга бай Түркмөнстандын жана Тажикстандын айыл эли төрт эсеге начар жашап келишти. Казакстандын 1800 айылы түп-орду менен жоголду. Бизде болсо бир да айыл кыйраган эмес. Россия жүз миңдей айыл-кыштагынан айрылды. Айыл чарбасына жарактуу 256 миллион гектар жерден кол жууду. Бул аянт Кыргызстандын жалпы өлчөмүнөн 22 эсеге көп. Ал эми «колхоз-совхоздорду сактап калдык» деп кубанган Беларуста өткөн отуз жылда өкмөт айыл чарбасына 100 миллиард доллар дотация берди. Салыштырсак, кыргыз дыйкандары өкмөттөн бир сом дотация алабы? Жок. Ал гана эмес, кыргыз айыл эли чейрек кылымдан бери өздөрүн гана эмес, өлкөнү, жалпы элди багып, сактап келатат. 

-- Аскар Акаевдин саясый ишмердигине өтөлү. Кандай пикир айта аласыз?

-- Ал саясый жаатта демократиялык система курду. Анын маңызы – бийликтин көз карандысыз үч бутакка бөлүнүүсү, сөз эркиндиги, көп партиялуулук, күчтүү оппозиция жана граждандык коом.

-- Жыйынтыгы кандай болду? 

-- Демократиялык система элге сиңген жок. Убакыт өткөн сайын аны колдобогондор басымдуулук кылып кетти. 

-- Себеби? 

-- Ушул жерде «эл» жана «коомчулук» деген түшүнүктөрдү тактап алалы. Демейде биз «коомчулукту» элдин маанайын билдирип, жарыялап турган активдүү бөлүгү катары кабылдап келебиз. Аныгында андай эместигин эгемен өлкөбүздүн тажрыйбасы далилдеди. «Коомчулуктун» иш-аракети, «жашоосу» бийликтин жүргүзгөн саясатынан көз каранды экен. Демократиялык системада бийлик кысым көрсөтпөй, куугунтуктабай, эркин койгону үчүн «коомчулук» өзүнчө иш-аракетке, «жашоого» өттү. Акаевдин демократиялык системасында жаралган жана күчтөнгөн «коомчулук» – өз кызыкчылыктарын жогору койгон топтор болуп чыкты. Арасында саясатчы, интеллигенция жана НПО өкүлдөрү, айрым журналист, блогер, бекерпоздор бар. Алар ар кандай фокус-мокустарды ойлоп табышып, бийликти каралап, төңкөрүштөргө кызыкдар экенин тастыкташты.

-- Мисалы... 

-- Кыргыз-Кытай чек ара маселесин алалы. «Үзөңгү-Кууш» проблемасы бизге СССРден калганы белгилүү. Аны чечүүдө президент Аскар Акаев уникалдуу ийгиликке жетишкен. «Үзөңгү-Кууштун» 70 пайызы «Кан-Теңир» чокусу менен бирге бизге өткөн. Бирок демократиялык системанын «коомчулугунун» айрым өкүлдөрү «Акаев Үзөңгү-Куушту сатып жиберди» деп айгай салышты. Аларды уксак, Кытай компартиясы, лидери Цзян Цземин Акаевге пара беришкен имиш! Бул акылга сыйбаган каралоо ырбап отуруп, «Аксы окуясына» алып келди. Анда да «Акаев элди аттырды» деген күнөө тагышты. 

-- Демек, Аскар Акаевдин бийликтен кетишинин негизги себепчиси ошол «коомчулук» болуптур да?.. 

-- Албетте, алар элдин атын жамына сүйлөшүп, иш-аракет кылганга кыныгып алышкан. Уламыш боюнча, сокурга көз берсе, ал алгач таягын алыска ыргытат эмеспи. Дал ошондой эле демократиялык системанын «коомчулугу» Акаевдин өзүнө асылып, бийликтен кетирди. Жыйынтык: демократиялык системанын «коомчулугу» бузуку, кыйраткыч күч катары таанылды. 

-- Ал «коомчулуктун» кийинки иштери кандай уланды? 

-- Апрель окуясынын натыйжасында (2010-жылы) Убактылуу өкмөттү бийликке жеткирди. Ал өкмөт демократиялык системага альтернатива катары «парламенттик башкарууга өтөбүз» деп, жаңы Башмыйзам кабыл алды. 

-- Жыйынтыгы?.. 

-- Шашылыш кабыл алынган Башмыйзам парламенттик эмес, анархиялык башкарууну киргизди. Эске салсак, анархия идеясы өткөн кылымдын башында Россияда жаралган. Анархисттер «мамлекеттик күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар кандай жааттарга, топторго чачырашы зарыл» деп эсептешкен. Ошол 2010-жылдагы Башмыйзамга ылайык, биздин өлкө он жыл анархиялык (башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз) мамлекеттик системада жашап, иштеди. Мамлекеттин дөңгөлөгү тескери айланып турду. Коррупциянын деңгээли дүйнөлүк рейтингде рекорд жаратты (169-орун). Депутаттык бир мандат 500 миңден 1 миллион долларга чейин ачык сатыкка түштү. Товарлар импорту экспорттон үч эсеге ашты. Тышкы карыз үч эсеге өстү. Учурда Россияда жашап-иштеген бир миллион кыргыз мигранттардын токсон пайызы 2010-2020-жылдары кетишкен.                                                                                                           

Парадокс, бирок анархиялык системага таамай аныктаманы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров өзү берген: «Азыркы мамлекеттик түзүлүш бандит, ууру, мародер, базаркомдордун жыргал заманы» («Алиби», 07.12.2012-жылы). Ал бул тизмеге бажыбарон, алкомагнат, сутенерлорду да кошсо сонун жарашмак. Убактылуу өкмөт парламенттик өлкөнүн маңызын бурмалашып, аны элге жек көргөзүштү. Аныгында, кыргыз жаштары 2020-жылы 5-октябрда ыплас парламенттик шайлоого эмес, башкысы – Убактылуу өкмөттүн анархиялык системасын кулатуу үчүн күрөшкө чыгышып, элге жеңишти алып беришти. 

-- Өткөн айда азыркы бийликтин ишине төрт жыл толду... 

-- Ал мезгилди эки этапка бөлсөк болот. Биринчи жылы бийликтин саясаты чаржайыт болгон. Объективдүү себеби – мураска калган башаламан система. Субъективдүүсү – тажрыйбанын жетишсиздиги. 

-- Ал этап боюнча президент Садыр Жапаровго сын да айтып жибердиңиз эле. Ал да сизге нааразы болгонун жашыра албады... 

-- Ооба, адатта президенттер кошоматчыларды жакшы көрүшөт эмеспи. 

-- Экинчи этабы? 

-- Соңку үч жылда эки лидер, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир топ жигердүү иштерди жасаганын айтуубуз зарыл. 

-- Кандай? 

-- Мамлекетти буттап-тушап, өнүгүүгө жол бербей келе жаткан күчтөргө үч багытта оор сокку урулду.

-- Биринчиси... 

-- Анархиялык системада бейиш заман куруп алышып, асманда гана жүрүп калышкан олигарх, коррупционер, уюшкан кылмыштуу топтордун башкесерлери, бажыбарон, алкомагнат, сутенер жана башка Убактылуу өкмөттүн «эркеталтаңдары» түштөрүнө кирбеген оор соккуга дуушар болушуп, уурдап, тоноп алган миллиарддаган байлыктарын мамлекетке өткөрүшүп, жердин түбүнө түшүштү. 

-- Экинчиси... 

-- Президент Аскар Акаевдин демократиялык системасында жаралып, ошондон бери төрдү бербей келаткан «коомчулук» да оор соккуга кабылды. Миң түркүн ушак чыгарып, каалагандарын мазактап, бийликти тоготпой калган ал «коомчулуктун» бир топ өкүлдөрү түрмөгө түшүштү, жалдырашты, ыйлашты. Учурдагы бийликти мурдагыдай, каалагандай мазактап-каралай алышпасын түшүнүшүп, койдон жоош болуп калышты. Авторитардык системанын момун «коомчулугу» түптөлдү. 

-- Үчүнчүсү...

-- Жогорку Кеңеш саясый аренадан четтетилди, сөз эркиндиги чектелди. 

-- Жыйынтыгычы? 

-- Эки лидер соңку үч жылда Убактылуу өкмөттүн чакчелекей башкаруусуна чекит коюшуп, өлкөдө авторитардык башкарууну толук орното алышты.  

-- Бул жыйынтыкты кандай баалайсыз? 

-- Президент Садыр Жапаровдун авторитардык бийлиги президент Аскар Акаевдин демократиялык бийлигинен он эсеге, Убактылуу өкмөттүн анархиялык бийлигинен жүз эсеге артык экенин эгер эл араласаң эле билесиң. 

-- Ошондо «Кыргызстанда ренессанс доору башталды» деген айрым саясатчылардын пикири туурабы? 

-- Бул кошоматчылардын сөзү. Ооба, авторитардык бийлик туруктуулукту камсыздады, кыйраткыч күчтөрдү алсыздандырды, бирок экономика ордунан жакшы козголо элек. Элди кымбатчылык, жакырчылык кыйнап турат. Чече турган көйгөйлөр али көп. Мамлекет өзү бизнесмен болуп алганда алыска барбайт. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөнү ишкерлер, ири компаниялар өнүктүрөт. 

-- Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономикада «Илбирс секириги» жөнүндө айтып жатат го? 

-- Ал азырынча анын кыялы. Ошону программа кылып тактап, ишке ашыруу зарыл. Эгерде экономикада мыкты өнүгүү болбосо, анда авторитардык системадан да элдин көңүлү сууп каларын эки лидер эстеринен чыгарбашы керек. 

-- Сиздин пикирде, авторитардык башкаруу канча мезгилге созулат? Альтернатива барбы? 

-- Менимче, 2040-жылга чейин. Соңунда талдоо зарыл болот. «Уланта берелиби же анык парламенттик башкарууга өтөлүбү?» деген. Азыр эми баарыбыз авторитардык системаны колдоп турганыбыз оң. 

-- Бир топ жагдайды ачыктап бердиңиз. Баштагы суроого келели. Аскар Акаевдин экс-президент макамы боюнча коомчулукта кандай терс пикирлер айтылды? 

-- Мындай учурда мага дайыма бир окуя эске түшөт. Африканын бир чытырман токоюнда чөө иттер арстанга аңчылык кылышат экен. Албетте, аз санда алардын алы келбейт. Бирок жыйырмадай ал иттер жалгыз жүргөн арстандын артынан калбай, күнү-түнү чуулдап үрө беришет. Тынчтык көрбөгөн арстандын жүрөгү акыры жарылып кетет. Аскар Акаевге асылышкан биздеги «чөө иттер» дал ошол ыкманы колдонушат. Ал бийликтен кеткен мезгилде алардын саны үч-төрт жүздөй болчу. Учурда отуз-кырктай калыптыр. Эки ай мурда ошолор ар кандай ушак менен каралашып, чуулдап «үрүшүп», улуп-уңшуп жатышты. 

-- Мисалы... 

-- Өткөндө бир жаш жигит менен сүйлөшүп калдым. Ал «мен Акаевге экс-президент макамын берүүгө каршымын» деди. Себебин сурадым. «Акаев Насирдин Исанов жана Бекмамат Осмоновду өлтүрткөн» дейт. «Анда чындыкты угуп ал» дедим... Канадалык бизнесмен Борис Бирштейнди ата-бала Чыңгыз жана Санжар Айтматовдор табышкан. Улуу жазуучубуз алгач Москвада Бирштейн менен премьер-министр Насирдин Исановду жолуктуруп, сүйлөшүү жүргүзүшөт. Анан Исанов кайтып келип, президент Аскар Акаевге Бирштейнди алып келүүгө сунуш киргизип, аны макул кылат. Ошондо Исанов Бирштейнди өзү Кыргызстанга алып келип жатса, өзү Жалал-Абад облусуна коштоп барып, ал жерде өзү айдоочунун артына отуруп, анан аварияга кабылышса, анда Акаев Исановду кантип «өлтүртөт?» Мына чындык!        

Ал эми Бекмамат Осмоновду президент Аскар Акаев 1992-жылы кайрадан уюшулган Жалал-Абад облусунун биринчи башчысы кылып бекиткен. Эки жылдан кийин аны облустук кеңештин депутаттары өздөрү кызматтан кетиришкен. Жумушу жок калган Осмоновду Акаев Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басарлыгына жөнөткөн. Агасы Шермамат Осмоновду 1996-жылы Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары, кийин Аксы районунун акими кылып дайындаган. Өткөн жылы мен Абдылдабек Осмонов менен жолугуп калдым. Ал: «Бир тууган Осмоновдор Аскар Акаевге терең ыраазыбыз, баарыбызды колдоп жүрдү, бизден ысык салам айтыңыз» деди. Мына чындык! «Чөө иттер» болсо акылга сыйбаган ушактар менен кийинки муундун аң-сезимин уулантып келишти да. 

-- Жогорку Кеңештин айрым мурдагы жана азыркы депутаттары дагы Акаевге экс-президент макамын кайрып берүү туура эместигин айтып чыгышты го?..

-- Бир тамсил айтып берейин. Чоң токойдо арстандын ооруп калганын уккан эшек аны издеп табат. Чындап эле ооруп жатканын көрүп аны тепкилейт. Анан жаныбарларга арстанды сабап салганын жарыялайт. Ооба, сиз айткан депутаттар учурдагы авторитардык бийликтен коркуп, жүрөктөрү оозуна кептелип, бир ооз каяша айта алышпасын жакшы түшүнүшүп, болгон акыл-эсин, күч-кубатын Аскар Акаевди «тепкилегенге» жумшап жатышты. Бечаралар, эл көзүнө эрдемсинишип, «баатыр» көрүнүп калышы керек да. 

-- Келечекте Аскар Акаевге экс-президент макамы кайтарылышы мүмкүнбү? 

-- Албетте. Кыргызстандын биринчи президенти эгемен мамлекетти түптөдү, бутуна тургузду, аны дүйнө жүзүнө таанытты. Банкрот коомдук экономиканы рынок экономикасына ийгиликтүү өткөрдү. Жемиштүү тышкы саясат жүргүзүп келди. Улут аралык, жалпы элдик достук, ынтымакты бекем чыңдады. Аскар Акаевдин зор эмгегин акылман кыргыз элибиз эртели-кеч жогору баалайт. Анын ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат.


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер