Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Арзибаев: “Соттор мыйзамсыз курулуштарды калкалап жатат”

Бекболот Арзибаев: “Соттор мыйзамсыз курулуштарды калкалап жатат”

30-декабрь, 20:08
645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаардык кеңешинин депутаты менен маек.

-- Бекболот мырза, кечээ күнү Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча аябай көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Алардын саны ошончолук эле көппү?

-- Аябай көп болуп жатат. Буга чейин шаардык мэрия 27 үйдү мыйзамсыз курулган деп тапкан эле. Азыр тийешелүү жетекчилердин мага берген жообу боюнча алардын саны эмнегедир 18ге түшүп калыптыр. “7-8 көп кабаттуу үйдү кантип мыйзамдаштырдыңар?” деп сурасам, “соттон утуп алышты” дейт. Сот мэрияны “тийешелүү кагаздарын бүтүрүп бергиле” деп милдеттендирип коёт экен. Азыр өлкө жетекчилиги тарабынан биздин ишкерлерди көп текшербөө боюнча жакшы демилге көтөрүлүп жатат. Бирок, биздин ишкерлер да аманатка кыянат кылышпаса. Биз канчалык мүмкүнчүлүк берген сайын алар карапайым элге залакасын тийгизип атпайбы. Көп кабаттуу тамдарды салууга болбой турган жерге салышат. Бирөөнүн үйүнө туш келип калса, ага көлөкөсүн түшүрөт, өрт коопсуздугу жагын карашпайт. Анан акырында сотко барганда баарын өз пайдаларына чечип алышууда. Буга чейин бузулууга тийиш болгон, 6-7-кабатка келгенде токтоп калган үйлөрдүн баары азыр бүткөн. Шаардын чок ортосунда, драма театрдын бет маңдайында салынган жаңы там 6 кабат болуш керек экен, азыр 8 кабат болуп бүтүп калыптыр. “Талаптагы нормалар сакталбады, биз уруксат берген эмеспиз” деген тийешелүү кызматтардын жыйынтыктары бар болчу. Ушул боюнча прокуратуранын өкүлүнөн “чечкиндүү кадамдарга бара аласыздарбы? Аны буздурганга эркиңиздер жетеби?” деп сурадым.

-- Эмне үчүн мыйзамсыз курулуштарга жол берилип жатат деп ойлойсуз?

-- Бул мурдатан калыптанып калган схема сыяктуу көрүнөт. Карапайым эл эч качан мыйзамсыз курулушту жасай албайт. Жалаң акчасы көп чоң компаниялар гана жасай алат мындай ишти. Мэриянын эскертүүлөрүнө эч кандай көңүл бурбай эле курулушун бүтүрүп коюп жатышат. Бул жерде сотторго да көп суроо туулат. Мэрия, тийешелүү кызматтар “мыйзамсыз курулуш” деп таап, күч органдырына өткөрүп беришет. Алар ишти тергеп, күнөөлүү катары көргөзүп, сотко өткөзөт. Сот болсо баарын мыйзамдаштырып берип коюп, калкалап жатат. Маселе ушунда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер