Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошбек Султанов: “Оруканалардын баарын үч айга жаап койсо, элдин өлүмү 30%га азая түшөт эле”

Жолдошбек Султанов: “Оруканалардын баарын үч айга жаап койсо, элдин өлүмү 30%га азая түшөт эле”

08-май, 21:30
791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыр оорунун түрү көбөйүп, оорулар жашара баштады. Мунун себеби эмнеде?

-- “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, ата-бабаларыбыз оорунун алдын алып, тамагын таптап, ысык-суугун сактап жашап келишкен. Эң күчтүү калориялуу тамагыбыз бешбармактан кийин ак ичип, сиңирип келишкен. Кыймыл аракеттүү келип, ден соолуктары чың, ары балбан, ары тың, келбеттүү эл болушкан. Күндөп-түндөп жол жүрсө да, үч күн жоо менен кармашса да чарчабаган ата-бабаларыбыз ден соолук илимин муундан муунга өткөрүшүп, тамак-ашты барктап, ысыктап, сууктап ичкенди билишкен. Мына ушул илимибизди колдонгонду, нагыз жашоону, таза ой жүгүртүүнү, туура тамактанууну унуткандан бери башыбызга бир топ белгисиз ооруларды үйүп алдык. Азыркы оорулардын көбөйүшү – негизинен иммунитетибизди талкалоочу тамак-аштардын жана медицинанын таблеткаларынын кесепетинен болуп жатат. Ар көчөнүн бурчундагы жайнаган дарыканалар кимдики? Дары-дармектер кайдан агып келип жатат? Алар миллиарддаган акчаларды жасап жатышканын коомчулук билүүсү зарыл. Демек, ден соолук чоң реформага муктаж. Эгерде ооруканалардын баарын үч айга жаап койсо, элдин өлүмү 30%га азая түшөт эле. 

Шаардыктардын дагы бир оорусунун себеби, арзан, эски машинелердин көбөйүп кетишинин кесепети. Шаарыбызды кара туман каптап, элибиз машинадан чыккан иске ууланып жатышат. Ал эмес бак-дарактар бул ууларды кайра иштетүүгө үлгүрө алышпай, куурап жатышат. Андан сырткары, жер-жемиштерди ар кандай химия, пестициддер менен өстүрүшкөндүн кесепетинен түрдүү оорулар да көбөйдү. Демек, бул жалпы элдин башына түшкөн азапка айланды. Буга мамлекеттик деңгээлде баа берип, азыртан колго албаса, чоң масштабда элибиз кырсыкка учураганы калды.   

-- Азыр заманга жараша кыйналган адамдар абдан көп. Жолун таппай, өзүн-өзү ача албай азапка чалдыккандар арбыды...

-- Баардыгы жазылбаган мыйзамдарга байланыштуу. Оорунун алдын алуу, таза ой жүгүртүү, туура тамактануу, нагыз жашоо керек. Демек, табияттын мыйзам ченемин бузбоо – эң башкы ролду ойнойт. Илгери чоң энелерибиз, апалабыз балдарды аруулап, башы ооруса ысырыктап, кычкачты ысытып суу бүркүп, ысыктап-сууктап тамак берип, алыстан келсе башына суу айлантып төгүп, кырсыктаса түлөө өткөрүп, дем салып, суу ичирип, чөп-чар берип дарылап, атын өзгөртүп, жан азгырык кылып, комуз чертип, күү уктуруп, Манас айтып, илээшкен балээлерди кууп, кара баскан келинди куучулар аркылуу кууп төрөтүп, эмчиси эмдеп, домчусу домдоп келишкен. Мунун баары унутта калды. Кыргыздын касиеттерин санап отурсаң сан жетпейт. Сынчы, санчы, комузчу, манасчы, ырчы, төкмө акын, жазуучу, жамакчы, күүчү, табып, саяпкер, аңчы, мергенчи, уста, зергер, оймочу, тикмечи, саймачы, бүбү-бакшысы, шаманы, төлгөчү, Умай эне, Обо эне, чоң ата, таята, жигит, жылкычы, жамгырчы, жаанчы, жоокер, баатыр, жаачы, темирчи, тегирменчи, ташчы, башчы. Адан сырткары, түш жоруп, аян алган, сыр, белги, төлгө, көрүнүш көргөн. Жылдыз санап, аба ырйынын, жылдын кандай болорун алдын ала билишкен. Карылар, Умай энелер ак батасын беришкен. Жаштар батадан көгөрүшкөн, жолдору ачылган. Же бул жалганбы? Өмүрдүн узактыгынын сыры – жаркылдап жайнап жүрүүдөн, көңүлдү оорутпоодон болгон. Демек, үй-бүлөдө ар бири өз ордунда турса, бул үй-бүлөдө бакубат жашоо башталат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер