Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишекеевди ит кылган Сыртбай Мусаевдин кошоматчылыгы...

Ишекеевди ит кылган Сыртбай Мусаевдин кошоматчылыгы...

30-январь, 23:51
2 059 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссияга төрага болуп дайындалган Сыртбай Мусаевдин кубулуп, күн тийген жердин күкүгү болуп, “Сооронбай Шариповичтен башка киши жок” деп жүрүп, ошол “эмгеги” үчүн орден алган саясый ишмердүүлүгү боюнча “Жалбырак ТВ” калыс, объективдүү иликтөө жүргүзүптүр. Ушундан улам дагы бир окуя эске түшүп жатат. 

2017-жылдын январында Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканын шайлоо болуп калды. Негизи факультеттин кыргыз тил илими кафедрасын “көлдүктөрдүн кафедрасы” деп коюшат, анткени ал жерге Сыртбай Мусаев жердештерин жыйып алган. Негизи Мусаев ортозаар эле илимпоз, алтургай “Ысыккөл” деп чогуу жазып элдин баарын сабатсыз кылган чаласабат орфографиялык эреженин авторлорунун бири да ушул биздин каарманыбыз болгон турбайбы. Анан декандык орунга шайлоо болгондо трайбалист Сыртбай Мусаев көлдүк иниси Бакыт Жайлообаевге чуркап, сакалдуу болгонуна карабай шайлоочу мугалимдерге күнү-түнү дебей телефон чалып, “Жайлообаевге добуш берип кой” деп суранып, тиленип жүргөнүн элдин баары билет. Ал шайлоодо декандык орунга ошол кездеги декан Мырзабек Жумаев, Бектурсун Байсабаев жана жаш, тажрыйбасыз Бакыт Жайлообаев үчөө ат салышкан. Ошондо профессор Назаркул Ишекеев командасы менен 40 жыл бир кафедрада чогуу иштеген кесиптеши, үзөңгүлөш жолдошу, профессор Бектурсун Байсабаевди колдобой, Сыртбай Мусаевдин сүрөп жаткан иниси Бакыт Жайлообаевди колдоп, декан кылган. Тагдырдын тамашасын карабайсызбы, кечээ эле “инимди колдоп бер” деп жалдырап, артынан ээрчип жүргөн Сыртбай Мусаев эми Назаркул Ишекеевдин ордун тартып алып, “кайдан көрдүм эле?” дегендей сыртын салып жатканы эмнеси? Мындай шумдук үч уктаса түшкө кирбеген, илбериңки, жалтак профессор Назаркул Ишекеев эмгиче түшүнө албай, “бул баягы эле Сыртбайбы, же дагы башка Сыртбай Мусаев деген пайда болгонбу?” деп эси эки болуп жатыптыр. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер