» Саясат » Абдразаковдун досу Абдыгулов душманга колтук ачып, тескери иштеп койбойбу?
Абдразаковдун досу Абдыгулов душманга колтук ачып, тескери иштеп койбойбу?
27-июнь, 09:00
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Таңгаласың. Максат Абдыгулов Ош ОИИБ орун басарлыгынан кеткенден кийин дымы чыкпай калган. Көрсө, дарыланып жатыптыр. “Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” дегендей, ара-чолодо ИИМдин 10-башкы башкармалыгына орун басар болуп орношуп, бирок айлап жумушка чыкпай койгону кандай? Акыры уялганбы, айтор, жакынкы күндөн бери иштемиш этип жүрөт. Максат Абдыгулов айтылуу Айбек Абдразаковдун (Жаныштын жасоолу) өнөктөшү эле да. Бакиевдердин кандуу режиминен соң, ал досу ири кылмыштарга айыпталып, өлкөдөн качып кеткени белгилүү. А Абдыгулов жоопкерчиликке тартылбай, тымпыйып калып калган. Көп жылдан бери облус, шаарларда милициянын орун басарлыгын “шапкедей” алмаштырып, же кыйраткан иши жок, көптүн бири катары басып жүрөт. Эми “тумшугу” ИИМдин 10-башкы башкармалыгынан чыкканы кандай? Душманга колтук ачып, тескери иштеп койбойбу?..