Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 25-майдан тарта автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилет

25-майдан тарта автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилет

19-май, 15:57
1 044 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан 25-майга чейин кайсы тармактын ишмердүүлүгү жандана турганын айтты.  

21-майдан баштап ишке киргизилүүчү тармактар:

-- калкты тейлөө борборлору, мамлекеттик каттоонун бардык тармагы ишке кирет;

-- автоунааларды тейлөөчү борборлор;

-- калкты тиричилик  жактан тейлөө, техникаларды оңдоо;

-- эмерек чогултуу, жасоо;

-- соода борборлору, соода оюн-зоок борборлору иштейт. Андагы тамактануучу жайлардан жана балдар ойногон жайлардан башка жайлары ишке кирет;

-азык-түлүк эмес товарларды сатуу пункттары ишке кирет;

-автоунаа жана мал базарлары иштей баштайт;

-жеке менчик репетитор кызматтары;

-менчик мончо жана СПА-борборлору иштейт. Коомдук ири мончолор жана сауналарга уруксат жок;

-мейманкананын иштешине уруксат берилет, бирок андагы бассейн жана спорт залдарын иштетүүгө тыюу салынат;


25-майдан баштап иштей турган тармактар:

-- соода-сатык чөйрөсүндөгү кийим-кече сатуучу жайлар. Бишкектеги Дордой, Аламүдүн, Ош базары, Оштогу Кара-Суу жана башка аймактардагы ири базарлар;

коомдук транспорт, тагыраагы, автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилип, жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө беткап тагынышы керек;

- 50 кишиден ашпаган кишиге ылайыкташкан жайкы кафе, ресторандардын иштөөсүнө уруксат берилет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер