Мухаммедкалый Абылгазиев: "Ишкерлерди колдоого мүмкүнчүлүк жок"
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурдагы шартта ишкерлерге башка өлкөлөр сыяктуу финансылык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы кризиске каршы чаралар боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кеңешмеде Абылгазиев дүйнөдө коронавирус пандемиясынын жайылышынан өлкө экономикасы оор кырдаалда турганын эске салды.
«Биз бизнести колдош үчүн баардык мүмкүнчүлүктү максималдуу түрдө пайдаланабыз. Тилекке каршы, бизде башка өлкөлөр сыяктуу финансылык жактан колдоо боюнча мүмкүнчүлүк жок. Бирок биз тараптан өзгөчө абал тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга каржылык жана салыктык жеңилдиктер аркылуу максималдуу түрдө жардам берилет» деди премьер-министр.
Мындан сырткары, Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин белгилеп, учурда башка өнөктөштөр менен каржылык жардам алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.