Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Орус менен аралаш 200 жылдай жашап, өнүгүп-өсүп, жок болуп кетпей, эгемендикке жеттик”

“Орус менен аралаш 200 жылдай жашап, өнүгүп-өсүп, жок болуп кетпей, эгемендикке жеттик”

02-сентябрь, 09:00
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

31- август. Ушул күнү 31 жыл мурун   “көз карандысыз мамлекетпиз, Кыргыз Республикасыбыз” деп жар салганбыз. Бүгүн бүт дүйнө жүзү таанып, БУУнун алдында байрагыбыз желбиреп турат.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Улуу Кыргыз каганаты кыйраган соң, он кылымдан ашык мамлекетсиз жүргөн кыргыз элинин башына кайрадан кут конуп, мамлекеттүүлүгүбүз кайра түптөлүп, жер үстүндөгү 200дөй мамлекети бар элдердин катарына кошулганыбыз бакыт эмей эмне? Албетте, бул чексиз бакыт! Эгемендик күнү – биздин элдин негизги, улуу майрамы! Бул талашсыз. Бирок...

Бирок, азыр байыркыдай атка мине салып, чаап барып найза, кылыч менен кырчылдашчу заман эмес. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген заман. Гиперзвуктун, санариптин, нанотехнологиянын заманы. Мамлекетибиз да баягы океандан океанга дейре чалкып жаткан Улуу Кыргыз каганаты эмес. Жерибиз чакан, элибиз аз, экономикабыз чабал, илим, технология жагынан деңгээлибиз төмөн, атыбызга затыбыз толук шайкеш келбеген мамлекетпиз. 

Коммунисттик идеядан, коллективизациядан катуу чочуган дүйнөлүк капитал ээлери – империалисттер СССРди кыйратып, өздөрүнүн бакубат жашоосун, жеке менчигин сактап калууну, кең Сибирдин кен байлыктарына ээ болууну көксөп, геосаясый оюнун күчөткөнүнүн, совет бийлиги кулаганынын туундусубуз, квази мамлекетпиз десек да болот. 

Азыр жер тарып, ресурс жетишпей, экология бузулуп, баары тартыш, гибриддик согуш каптап, элдер эсепсиз кырылып аткан катаал заман. Бул замандын империялары илгеркиден миң эсе ташбоор, ачкөз, жырткыч. Мындай кырдаалда биз сыяктуу чакан мамлекеттер үчүн өмүр сүрүү чынында оңой эмес, кааласаң-каалабасаң да, бири болбосо бирөөсүнүн көзүн караганга аргасызсың. 

Өнүгүп-өсө албай, эгемендүүлүктүн жемишин көрө албай кыйналып, кысталып, көбүбүз каңгып-шорлоп, алдүү-күчтүү мамлекеттердин көзүн карап, алтургай коңшу, боордош, тууган деген мамлекеттердин кысмагына, кодулоосуна туш болуп, союздаштык, өнөктөштүк келишимдерди аткарта албай, өзүбүз да так аткарбай, бири-бирибизди кыйнап келебиз. Айтор, баягы “кайда барсаң мамайдын көрү” дегендей, алсыз болсоң кандай айла кылба – корсуң. 

Өнөктөштөр эле эмес, өнөктөштөрдүн душмандарынан да сак болуу керек. Керек болсо биз сыяктуу майда-бечек эмес, Франция, Германия сыяктуу дөө-шааларды да гегемон маал-маалы менен колун бурап, сатчусун саттырбай, алчусун алдырбай, банктарына санкция илип, экономикасына залал келтирип, миллиарддаган еврого тоноп алып атканына күбө болуудабыз. Өз көмөчүнө күл тартуу кези келип, табити ачылганда АКШ “өнөктөшүм, союздашым” деп бирөөнү аяганын ким көрүптүр?  Анан бизди аяйбы? Бул эми Батыштан демократия күтүп аткан мекендештерге айтылган сөз.

“Сырттан келген кооп болбосо эле майкөл-сүткөл болмокпуз” деп айтсак, чындыктан өтө эле алыстап кетебиз. Ички көйгөйлөрүбүз жетиштүү, сырткы кооптон ашса ашат, акыры кем эмес. Элибиздин феодалдык доордогу кокту-коктуга бөлүнүп чабышмайы кала элек, “сорпосун ичкен да ууру!” деген бабалар сөзүн унуткан, курсагын кампайтса ууруну урматтап “баатыр” деп, калыстыктан тайып, чындыкты тепсеп кетмейи калбаган, аткаминерлери мамлекет дегендин барк-баасын билбей, саан уйдай мамиле кылган жагымпоз, ууру, текебер, мактанчаак, алакөөдөн, аңкоосу аралаш, улут болуп толук калыптана элек, ыркы жок уруулардын бирикмеси. 

Жалпы кыргыз деген атты жерибеген менен баары тегиз Кыргыз дегенге өткүчө эле “Бугу эли”, “Саруу эли” деп, өзүнчө эл болуп жүргөнүбүз белгилүү. Буга чейин аркалык-ичкилик, анан түндүк-түштүк болуп бөлүнсө, азыр ага кошумча теңирчи-арапкул, батышчыл-орускул, гей... дагы толгон-токой тыюу салынган экстремисттик топторго бөлүнүп калганбыз. 

Эртеңкиге караганда өз кара жанын көп ойлогон элита сөрөйлөрүбүз алдыга чыккан активдүүлөрү бийликчил-оппозициячыл кылып бөлүп, жалдап алып ит алыш уюштургансып ыркыратып бет жулдуруп, айтыштырып-тытыштырганды адатка айлантып алышты. Натыйжада бирдиктүү, ынтымактуу эл болуудан калып баратабыз. Күнүмдүк көроокат, акыйнек менен алышып, келечек дегенди курсак тойгузуу менен чаташтырып калдык. “Мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуу чегине жеттик, кокуй токтойлу, эсибизге келели!” дебей кургуйлагандын эле үстүндөбүз. 

Мындай жагдай уланса, бизди быт-чыт кылгысы келгендер көп каражат коротпостон эле бири-бирибизге кайраштырып койсо жетиштүү болот. Кызыл кыргын болуп кырылышып, эл болуудан калып, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калышыбыз толук мүмкүн. 

Кеп чынында, келечек биздики эле эмес жалпы дүйнөнүкү өтө тумандуу болуп баратат. АКШ башында турган “бирдиктүү Батыш”  менен Россиянын Украинадагы тиреши, АКШ менен Кытайдын Тайвандагы  тиреши 3-дүйнөлүк согушка айланып кетүү коркунучу жалпы адамзатка кооп келтирип турат. Гибриддик согуш канчага уланат, кандай аяктайт? Буга Ванга менен Мессингдин жоопторунан башка деле оңчулуктуу жооп айткандар жокко эсе. Кандай болорун айтыш кыйын. 

АКШнын оруска каршы санкцияларын Евробиримдик, анан айрым Азия өлкөлөрү, жалпысынан 40тан ашыгыраак гана мамлекеттер колдоого алып, калган150дөй мамлекет нейтралдуулук көрсөтүп, Америка менен бирдиктүү Батыштын санкцияларын колдогон жок. Тескерисинче, Россияга тилектештик кылып, карым-катнашын, соода-сатыгын улантып, көпчүлүгү кызматташууну күчөтүүдө. АКШ түптөгөн бир полярдуу дүйнө эрежелери керектен чыгып, ресурс үчүн күрөш айгышкан кармашка айланчудай болуп, дүйнө көп полярдуулукка чындап бет алды. Эмне болору белгисиз. Алды жак туңгуюк...

ШОС, ОДКБ, ЕАЭБ боюнча Россия менен өнөктөш, союздаш Кыргызстан аргасыз алсыздыгын моюндап, нейтралдуу экенибизди билдирдик. Орустар ичинен кылтыйып калганы менен бизге түшчү оорчулукту компенсациялап бере албастыгын туюп, бизге жөнсүз таарына албастыгын да таанып, ичинен тынып тим болду. Батыш да тынчыды, санкцияларын бизге оодарууга барган жок. Бирок, мындай абал канчага созулат? Талтайып көпкө туруу кыйын. Акыры убакыт келет, анан бир жээкти тандаш керек болот. 

Кыргызстан – Россия, Кытай деген эки улуу державанын ортосунда жайгашкан, коңшуларсыз, алардын базарысыз, жолдорусуз күн көрүшүбүз, дүйнөгө катташыбыз кыйын. Кыргыз бийлиги тарабынан жана бийликке таасири бар кыргыз саясатчыларынын биринин да оозунан “орус менен кол үзүшөбүз” деген сөз чыкпаса да, орусту жек көрүп, бажы биримдигинен чыгууга, орустан таптакыр кол үзүүгө үндөгөндөр да тынымсыз безилдеп келишет. Анан ошондой айрым бир Россияны жек көргөн ашкере улутчул кокуйлардын, сатылган батышчылдардын тилине кирип ЕАЭБден чыгабызбы? Албетте чыкпайбыз. Бирок алардын коңшулар менен болгон мамилеге тийгизген кесепети тууралуу бийлик ойлонуп, чара көрүүсү керек. 

Биз кыргыздар орус менен аралаш 200 жылдай жашап, жаманынан жакшысы көп күн көрүп, өнүгүп-өсүп, жок болуп кетпей, эгемендикке жеттик. Андыктан, ата-бабалар тандаган жолдон чыкпай, “тирүү болсок бир жерде, өлүү болсок бир көрдө” дегендей, Улуу Атамекендик согуштагыдай коңшулар менен эле бирге  болгонубуз оң. 

Кыйчалыш жолго келгенде хахолдорго окшоп душманга колтук ачып, башка жээкке өтө качуу абийир апкелбейт. Коңшулар менен киришип чыгышпай, авиакаттам  менен Америкага, эшек менен Ооганга каттап калган алешемдиктен Кудай сактасын. Тескерисинче, ынтымакты бекемдеп, интеграцияны күчтөнтүп, Россия–Беларусь союздук мамлекетинин курамына кошулушубуз керек. Башка жол жок!

Батышты түгөл чанбай, алчусун алып, үйрөнчүсүн үйрөнүү зарыл. Мисалы, Евробиримдиктегидей жалпы чек ара, жалпы акча болсо жаманбы? Бул чет жактагы мигранттарыбызга да, баарыбызга жакшы. Казактар кошулат, кошулбаса да Калининградга жол тоскон Литвадай болуп жолубузду тоспой калат. Ал маселени орус чечет. Эмнеден коркобуз? Же эмне орус менен тыгыз жашаган башкыр, татар, беларустун тили жоголдубу, же маданиятын жоготтубу? Же эмне, “орус биринчи сорт, якут экинчи сорт” деп, бирине көп, бирине аз төлөп, басмырлоо барбы? Анүстүнө биз облус болуп Россиянын курамына кирип аткан жокпуз.

Бул союзга киргенден суверендүүлүгүбүз жоюлбайт. Былк этпейт. Бириккен Улуттар Уюмунда желегибиз турабы? Тура берет желбиреп!..


(Уландысы бар)

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер