Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат Ачылова – кыргыздын чыгаан кызы эле

Рахат Ачылова – кыргыздын чыгаан кызы эле

07-июнь, 23:17
2 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен Рахат эже менен жубайым Мариям Эдилова аркылуу жакындан таанышып калдым. Ага чейин азыркы улуттук университетте (ал кезде мамлекеттик) А.Табалдиевден кийин эже философия кафедрасын жетектегенин, ал кишинин лекция, семинарларына катышып билчүмүн. Ал эми Мариямды болсо кыргыздын дагы бир көзгө басар этнограф кызы К.Мамбеталиева тааныштырып, Рахат эже Мариямдын дипломдук ишине жетекчилик кылган. Кийин окууну аяктаганда Мариям энциклопедияда, мен академияда иштеп калдык. Бул кезде Мариям Рахат эжеде сырттан аспирантурада окуйт эле. Кийин мен университеттин философия кафедрасынын күндүзгү аспирантурасында эженин жетекчилигинде кандидаттык диссертация жазып, аны Алматыда коргодум. Ошентип биздин үй-бүлөлүк карым-катышыбыз башталды. Узак жылдар бою эженин үй-бүлөсү менен катышып, илимде, коомдук иштерде таалим-тарбия алдык. Тагдыр буюруп Жогорку Кеңештин 1-чакырылышындагы 35 адамдан турган парламентте чогуу депутат болдук. Мен эжени төгөрөгү төп келген инсан катары баалар элем. Эженин өмүр жолундагы мен баамдаган төрт учур тууралуу өтө кыска кеп уласам. 

Биринчиси, бул үй-бүлө. Рахат эженин кайнене, кайнатасы эжеге өз кызындай мамиле жасашчу. Биз да көрүп калдык, Эркин Бейшеналиевичтин ата-энеси өтө салттуу, кыргыздын нарк-насилдүү адамдары эле. Албетте, Рахат эженин инсан болуп калыптанышында (өз аракети менен дээринен тышкары) Эркин агайдын эжеге мамилеси, ар дайым шарт түзүп, колдоп турушу, бири-бирин жарым сөздөн түшүнүшү, кайнене менен кайнатанын керек болгон учурда жардам бере коюшу чоң роль ойногон десек болот. Рахат эже менен Эркин Бейшеналиевичтин үйүндө Чыке баш болгон не деген кыргыздын дөө-шаалары конок болгонун көрүп жүрдүк. Ошондой шартта эже чыгаан окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер болгонуна карабай, кожойке ролун да жакшынакай аткараар эле. Адатта, кыргызда белгилүү бир инсан тууралуу сөз болгондо ага баа анын үй-бүлөлүк турмушу жана балдарына берген тарбиясы аркылуу берилет эмеспи. Эже менен Эркин абанын эки кыз, бир уулу жакшы тарбиялуу гана балдар эмес, азыркы замандын талабына жооп берген өз адистигинин профессионалдары. Кыргыз коомчулугунда өз орду бар инсандар.

 Экинчиси, Рахат эженин илимий ишмердиги. Эженин алгачкы кандидаттык диссертациясы улут аралык нике маселесине арналган. “Улут жана үй-бүлө” деген фундаменталдык эмгеги ошол кездеги СССРде окумуштуулардын кызуу талкуусуна арзыган. Эсимде, Москвадагы Ленин атындагы китепканада эженин диссертациясы менен таанышкам. Ал окула берип, ошондо эле раритет эмгекке айланып калган эле. Баарыбызга маалым, кээ бир диссертациялар колго алынбай тура берет эмеспи. Эч кимди теңине албаган Харчев, Мацковский, Жданко, Терентьева ж.б. окумуштуулар Рахат эженин эмгектерине жогору баа беришкен. Эже кабинеттик эле окумуштуу эмес, эң сонун лектор эле. Студенттерге, аспиранттарга окуган кызыктуу лекциялары азыркыга чейин эсибизде. Эже чет мамлекеттерде да англисче лекция окуп, илимий жыйындарда англисче доклад жасап жүрдү. Рахат эженин илимий мектебинен бир тобубуз илимдин доктору, ондогон жаштар илимдин кандидаттары болушту.

ҮчүнчүсүРахат эже мамлекттик жана коомдук ишмер катары терең из калтырды. И.Раззаковдун колдоосу менен Кыргыз кыз-келиндер пединститутун уюштурган чыгаан эже К.Токтомамбетова болсо, ал эми Рахат эже институтту кайра куруу мезгилинде жетектеп, өнүктүрүп, Кыргызстандагы абройлуу ЖОЖдордун катарына кошту. Материалдык-техникалык базасы жакшырып, жаңы корпустар, жатакана жана мугалимдерге квартиралар курулду. 

Эженин коомдук ишмердиги КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынында депутат кезинде таасын байкалды. Эже билим берүү, мугалимдердин статусу тууралуу мыйзамдар боюнча бир канча ирет коомдук угууларды уюштурду. Палатада мыйзам долбоорлору эженин омоктуу ойлору жана иштиктүү сунуштарысыз кабыл алынчу эмес. Эркек депутаттар менен дискуссияда дайыма компромисстик жолду таап, чукугандай сөз айтчу. Мисалы, эркек депутаттар айткан убадаларына турбаган учурда эже “силердин араңарда мен эле жалгыз юбкачан экенмин десем, көрсө, юбкачандар көп турбайбы” деген учул сөзү эсте калды.

Рахат эжеде элге жардам берем деген аракети, ошого байланыштуу идея, ойлору, программалары өтө көп эле. Айрымдарын ишке ашырды, биз да катыштык. Мисалы, Бангладештен Грамин Банк системасы, Германиядан Вольфдорф мектеби ж.б. Азыр ойлосок, эже өз мезгилинен алдыда жашап, жаңычыл, жаратман инсан болгон экен. 

Төтүнчүсү, эженин инсандык касиети өтө жогору эле. Эже ар дайым адамдардын жакшы сапаттарын гана баамдайт эле. Эч качан башка адамдар тууралуу негатив пикир айтчу эмес. Эгерде кемчиликтер болсо бетине айтчу, артынан кеп кылчу эмес. Эженин жүрүм-туруму кыргыз кыздарына үлгү болорлук эле.

Ушул күндөрдө эже 80ге чыкмак. Мен жогоруда эже тууралуу тезис формасында гана сөз кылдым. Эженин көп кырдуу бейнесин кенен жазуу дагы алдыда деп ойлойм.


Жолборс Жоробеков, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер