Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карамат Орозова: “Бийлик чек ара боюнча конкреттүү чечим кабыл албай жатат”

Карамат Орозова: “Бийлик чек ара боюнча конкреттүү чечим кабыл албай жатат”

07-март, 14:27
956 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Карамат айым, Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара маселеси такыр эле түп-орду менен чечилбей аткансыйт. Ушул боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?

-- Өзбекстандан 85 пайызы, Тажикстандан 65 пайызы – дээрлик оор тилкелер бүтүп эле калган. Бүгүнкү күндө ага бийлик катуу аракет кылбай атат. Себеби, бизде бат-бат бийлик алмашып атканы өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Анүстүнө чек араны жакшы билген вице-премьер-министрлер бийликке келбей атканы да себеп болууда. Жакында эле Баткен облусунун губернатор кызматына генерал Суваналиев шайланды. Бул жакшы көрүнүш. Бирок, Өмүрбек мырза облустун коён жатагына чейин жакшы билбейт. Аны изилдегиче убакыт керек болот. 

-- Кандай сунушуңуз бар?

-- Биринчи кезекте мамлекет каржыны аябастан чек араны бүтүрүү керек. Биздин кошуналар күнүмдүк эмес, түбөлүктүү кошуналардан экенин эске алганыбыз оң. Алар менен ар дайым ынтымак-ырашкерликте жашаганыбыз абзел. Кээ бир учурда эки мамлекеттин жарандары бири-бирин барымтага алып, учкундан жалын тутантуу жагдайына чейин барып калган учурлар болууда. Бир учурда облустун чек ара боюнча губернатордун орун басар кызматы бар эле. Азыр андай нерсе жок. Ал эми облустун губернаторунда чек ара маселесин чечүү ыйгарым укугу чектелген. 

-- Жакында эле Камчыбек Ташиев жүрөгүнө операция кылган күндүн эртеси Баткенге барып, чек ара маселесин чечкендей болду окшойт...

-- Камчыбек Кыдыршаевичтин учуп барганына жана кабар алганына чоң рахмат. Бирок, биздин кайсы гана бийликти албайлы, мейли мурунку, мейли андан аркысы, бир нерсени үйрөнүп алды, көчөгө чыккан элди үйгө киргизип коюу менен гана чектелип калып атат. Мындайлар 2019-2020-жылдары көп кайталанды. Эл тынчсызданып көчөгө чыгат, бийликтегилер барат. Аларды эл жакшы кабыл алып үйлөрүнө кирип кетет, болду. Мындайча айтканда, баягы эле кайталанма көрүнүш. Конкреттүү түрдө жакшы чечим кабыл алынбай атканы жүрөктү өйүтүп келет...     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер