Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Президент баш болуп, кээ бир шылуун депутаттар чардашты...”

Каныбек Осмоналиев: “Президент баш болуп, кээ бир шылуун депутаттар чардашты...”

13-март, 19:41
3 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, илим-билим жаатын ичинен жакшы билген адис катары айтыңызчы, ушуга чейин биздин өкмөт илимге, билимге жакшы деле көңүл бурган жок. Себеби эмнеде? 

-- Бул сурооңуз абдан актуалдуу! Анткени, билим алуу менен илим байыркы замандан бери эле биринчи орунда болуп келген. Кайсы мамлекет ушул эки баалуулукту биринчи орунга койсо, сөзсүз ийгиликке жетише алышкан. Мисалы: Япония, Германия, АКШ, Түштүк Корея. Соңку кезде Кытай бул багытта абдан зор ийгиликтерди жаратып келет. Нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы жана когнитивдик технология боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарга чыкты. Бүгүн Кытай мамлекети эң кубаттуу державага айланды. Анын сыры эмнеде? Албетте, илим менен билимди кастарлап, аны колдоп, анан пайдалана билүүдө болду. Мына, илимдин күчү! 

Биздин Кыргызстан тээ эгемендик алгандан бери эле билим берүү системасы менен илимге кайдыгер карап келди. Жаңы технологиялар менен инновациялык чыгармачылыктарды айтпай эле коёюн. Баарынан өкүнүчтүүсү, тунгуч президентибиз, академик Акаев өзү илимдин кишиси болгондугуна карабастан, дал ошол “ишмердин” тушунда билим берүү системасы укмуштуудай талкаланды. Эсиңердеби, Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун кыйраткыч “Песак” программасы биздин өндүрүштү кандай талкаласа, Батыштын “псевдоокутуу программалары” дагы мектептерибиздин программаларын талкалап, окутуу стандарттарын бузуп, тарбиялык ориентирлерибизди Батыштын арабөк баалуулуктарына буруп кетти. Натыйжада, окуу процессинин бирден-бир субъектилери болушкан мугалим менен окуучу мектепте кадимкидей эле түрткүнчүккө айланып калды. Алдыңкы орунга шылуун, ачкөз “педагогдор” чыга келишти дагы, мектептерге ээлик кылышып, 20-30 жылдап директор болуп отуруп алышты. Бул көрүнүш айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында орун алды. Ошол кездердеги саясый бийлик мындай кылмыштуу кыянатчылыкты токтоткондун  ордуна наадан директорлорду колдошуп, аларды өздөрүнүн шайлоо процесстерине пайдаланып киришти. Муну сезген тиги “хан” болуп алган директорго Кудай берип салды. Президенттер баш болгон кээ бир шылуун депутаттардын өз кишилерине же сүймөнчүктөрүнө айланып алышып, эргул директорлор каалашынча чардашты. Натыйжада, окуу процесси өлдү, ата-эненин жонунан кайыш тилинип, акча чогултмай башталды. Окуучунун билимин баалоо адилеттиги бузулду. Тарбия маселеси унутулду. Директорлорду каржы иштери гана кызыктырып калды. Колунда жок ата-энелер балдарын базарга же башка жумуштарга сүйрөп кете беришти. Расмий жана жергиликтүү бийлик мындай коркунучтуу тенденциянын алдын алып тыйгандын ордуна, билмексенге салып тим болушту. Жалпы орто билим берүүнүн сапаттуулугунан мамлекеттин тагдыры чечилип калат. Бул маанилүү вазийпаны өкмөт өзү толук каржылап, колунан чыгарбаш керек. Биз, жарандар турмушубуздун жеңил болушун эңсеп, бириге калып, анан улуттук өлкө түзүп жашайбыз да? Ал көйгөйдү чечүү үчүн салык түрүндө казынаны толтурабыз. Андан башка бажы төлөмдөрүн, кен байлыктардан, энергетикадан, ж.б. ресурстардан түшкөн каражатты мамлекетке ишенип топтойбуз. Ошолордун эсебинен этият кылып, сарамжалдуулук менен окууга, ден соолукту чыңдоого, пенсия-пособиелерди каржылоого жумшообуз абзел. Бизде мындай функциялар аткарылып келдиби? Албетте, жок! Ким айта алат, “акевдик-бакиевдик-отунбаевалык-атамбаевдик жана жээнбековдук ырайымсыз режимдер ушул ыйык милдеттери так аткарып келишти” деп? Эч качан андай болгон жок. Ошондуктан алардын баардыгы тарыхтын таштандысына ыргытылып калды. Эми айткылачы, өкмөт балдарыбызды бекер окута албаса, жарандарыбызды бекер жана сапаттуу дарылап бербесе, жаран өзү өмүр бою чогулткан акчасын карыганда пенсия катары алып турбаса, пособиелер наадандык жолдор менен уурдалса, анда мындай мамлекеттин кимге кереги бар? Ким жооп берет? Кептин баары ушунда! Ошондуктан, президент болуп жаңы келген Садыр Жапаров жогорудагы кемчонтойлордун катачылыктарын кайталабоо үчүн жаналакетке түшүп ишке киришип жатат. Ооба, адаттарынча бир ууч эски жегичтер аны курчап турушат. Бирок, бул убактылуу эле жагымсыз феномен. 11-апрелден кийин алардын көбү кетишет. Ушул абалдын контекстинде, албетте, билим берүү жана илим саясаты алдыңкы орунга чыгып, эффективдүү менеджмент башталат. Мен буга толук ишенем. Анткени, башка жол жок.  Мектепти, ЖОЖдорду монополия кылып басып алгандар дагы жаштарга же патриот жана тажрыйбалуу инсандарга орун бошотуп беришет. Ишене бергиле! Биз бул саясатты катуу жүргүзөбүз! 

Илимге келсек, абал андан дагы чатак болду. Илимди колдоо иштери – айлык маяна, илимий жабдыктар менен камсыз кылуу, социалдык кепилдиктер дээрлик  токтоп калды. Аны уюштуруунун ордуна бийлик кыргыз илимин өтө эле күмөн жараткан чет элдик псевдопрограммалардын колуна салып берди. Табиятынан ишкердик жөндөмү бар кээ бир окумуштуулар ошол гранттарга ээ боло калышып, “оокат” кылып кетишти. Бирок, чыныгы илимпоздо андай касиет жок да? Алсыздыгын билдирип, мүңкүрөп отуруп калды. Кошуна өлкөлөр ошол ресурстарды өкмөттүн колуна топтоп, анан бирдиктүү бөлүштүрүү саясатын жүргүзүшүп, натыйжада, зарыл болгон илим инфраструктураларын сактап кала алышты. Алар илимге мамлекеттик бюджеттерин дагы аяшкан жок. Ал эми биздин алабарман саясатыбыздын азабынан кээ бир гана бийликке жакын илимпоздор каражаттарга туйтунушту да, көпчүлүгү талаада калышты. Натыйжада, таланттуу окумуштуулардын көпчүлүгү чет жактарга кетип, бир тобу университеттерге бой урушту. Бирок, ал жерлерде деле жыргап кетишкен жок. Анткени, ЖОЖдорду дагы чакан гана “клика” ээлеп алган. Ал жерде деле окутуу процессин илең-салаң уюштурумуш болушканы менен илим изилдөө иштерине акча бөлүүнү токтотушкан болчу. Расмий бийлик мындай көрүнүшкө көңүл бурган деле жок. Аты бар, бирок, заты жок билим берүү жана илим министрлигин эч тоготуп деле койгон жок. Шору каткан өкмөтүбүз илимге деп жалпы дүң продукциянын ичинен 0,12% гана акча бөлүп келет! Бул көрсөткүч өнүккөн өлкөлөрдө 5%га чейин жетсе, кошуналарыбыз 2-3%га чейин бөлүп келишет. Эми өзүңүздөр жыйынтык чыгара бериңиздер. Азыр жаңы бийлик бул ишке катуу көңүл бурат деп үмүт кылып турам жана кеңештерди берип келем.

-- Илимий кызматкерлердин ачылыштарын, жасаган эмгектерин мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө дээрлик пайдалана алышкан жок, бул жаатта эмне айтар элеңиз? 

-- Илимпоз өзүнүн ачылыштарын өндүрүшкө киргизүү менен гана чыныгы максатына жете алат. Билесиздерби, абройлуу эл аралык Нобель сыйлыгынын аткаруу комитети илимий ачылыштардын практикада колдонула баштаганына көзү жеткенден кийин гана ошол окумуштууга өзүнүн сыйлыгын ыйгарат (болжол менен 1-1,5 млн. доллардын тегерегинде). Ал эми Кыргызстанда мындай шарт жок. Окумуштуу өзүнүн жаңылыктарын өндүрүштө сынай албайт. Анткени, завод-фабрикаларыбыз акаевдик “кликанын” учурунда эле талкаланып же таланып-тонолуп кеткен. Баалуу илимий ачылыштар же алынган пайдалуу патенттер ошол шору каткан изилдөөчүнүн китеп текчесинде эле чаң болуп жатат. Аны уюштуруп коммерциализацияга тарта турган мамлекеттик мекемелер чет өлкөлөп кыдырып турист болуп тайраңдап жүрүшөт. Кана, алар минип отурган илимий  же инновациялык-интеллектуалдык каражат фонддору?  Анан кайдагы өсүп-өнүгүү жөнүндөгү сөздү айтып жатасыз? Ыйлагың гана келет да!

-- Ушундан улам жаштардын илимге кызуугусу байкалбайт. Жаш илимпоздорду материалдык жактан кызыктыруу жана колдоо жок, ошон үчүн илимдер академиясында жалаң жашы улгайгандар көп. Эч кимге кереги жок дисертацияларды жактап алышкан, ошонун аркасы менен профессор, академик болушуп, жашы 80ден ашып калса дагы жаштарга орун бошотпой келишет. Өкмөт жаш окумуштууларды илим, билимге кантип тартатт? 

-- Жаштарды илимге тартуу үчүн алардын жашоо шарттарын камсыз кылуу керек. Өзү ач-жылаңач жүрсө, кайдагы илим? Ошол жаш окумуштуу үй-бүлөсүн кантип багат, орточо маянасы 7-8 миң сом болсо? Жок, мындан ары бул шермендечилик уланбашы керек. Тезинен тартипке салбасак болбойт! Менин автордук “Илим жана турмуш” аттуу теледолбоорум бар. Аны даярдап жүрүп бир нерсеге таңгалам, көбүнчө жаштарды тартайынчы деген тилектерим аткарылбай келет. Анткени, материалдык базасы бар бир дагы жаш окумуштууну таба албадым! Балким начар издеп жаткандырмын, бирок “Илим жана турмушту” баары эле билип калышты го? Өздөрү деле сунуштары менен чыгышса болот да? Бул телеберүүм 9 жылдан бери көрсөтүлүп келет. Ооба, орто жолдо илимди жек көргөн бир-эки бийликчил наадандар жаап коюп, мени куугунтуктап жүрүштү. Мейли, баарына чыдап, кайра КТРКдан көрсөтө баштадым. Бирок, чыныгы илимий ачылыштары менен ой бөлүшүшкөн окумуштууларды таппай жатам. Себеби эмнеде? Эң негизгиси – биз  өзүбүз мындай маанилүү иште максаттуу түрдө илимий кадрларды даярдоону унуткарып койгондугубузда болуш керек! Анан, албетте, улгайып калган окумуштууларыбыз орун бошотпой отура беришет да. Аларга реалдуу түрдө конкурент боло турган жаштарыбыз жокко эсе! Натыйжада, илимий диссертациялардын сапаты төмөндөгөндөн-төмөндөп баратат. Аны көзөмөл кыла турган жогорку аттестациялык комиссия өздөрү коррупцияга малынып, интрига менен кызмат ордун талашмайга түшүп алышып, өлкөнүн жийиркеничтүү паразитине айланып алышкан!        

-- Илимий эмгектери турмуш тиричиликке пайдаланылбай, эч нерсеге жарабаган окумуштуу, академик, профессор, доктор, илим кандидаттарынын айлык маяналарын 10% аз кылып, штаттык сеткаларын кайра карап чыгуу менен жаш илимпоздордун маянасын көтөрүү керек го дейм... 

-- Илимпозду реалдуу түрдө эффективдүү колдоо механизмдерин дүйнөлүк коомчулук эбак эле ойлоп таап койгон. Ал ачык конкурс, атаандаштыкты камсыз кылуу жана илимий-мафиялык топторду түп-тамырынан бери жок кылуу. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн алдында көз карандысыз илимий-инновациялык жана интеллектуалдык каражат фонддору түзүлүүсү керек эле. 2014-жылы мен депутат кезимде керектүү нормативдик базаларды түзүп бергенбиз. Аны мамлекеттик кызыкчылыкты алдыга коюп чечип беришпей, ошол кездеги илимди уюштуруучу наадандар өздөрүнүн кызыкчылыктарына карай буруп алышкан. Азыр ошол мафия акчаны кааланганча бөлүштүрүп алышып эле жыргап жүрүшөт. Аларды катуу текшерген бир дагы орган жок. Илимий долбоорлорду өздөрү тандап алышат, каражатты каалаганча бөлүштүрүшөт, анан эң өкүнүчтүүсү, жылдык отчетту дагы өздөрү кабыл алышат. Бул – чыныгы классикалык коррупция! Көбүн кылмыш ишине тартса болот. Ошол күндөр дагы алыс эмес го... Анткени, президент Садыр Жапаров  бул багытта абдан чечкиндүү иштей баштады. Үмүт кылып туралы. Биротоло чектен чыгып кеткен илим жаатындагы коррупционерлерди камап жазаламайынча, илимпоздордун айлыгын көтөрүү жана керектүү илимий шаймандарын алып берүү кыялдарыбызды ойлобой деле койсок болот. 

-- Бирок, жаш илимпоздор дейин десең, көпчүлүгү алган билимине шайкеш келбей жаткансыйт. “Таяктын эки учу бар” дегендей эле болуп турабыз. Буга көз карашыңыз? 

-- Жаш илимпоздорубузга жол көрсөткөн бирдиктүү илимий саясатыбыз жок. Болсо дагы ал кээ бир көрүнүктүү окумуштуунун илимий багытына эле байланып калган. Эркин илимий багыттын болгону дурус. Мейли, бирок өлкөбүз илимий приоритеттер менен иштеши керек да? Ансыз деле аз каражатыбызды туш тарапка чачып жүрөбүз. Илимий темаларды чаржайыт кылып жибергенбиз. Айыл чарба, энергетика, суу ресурстары, медицина, улуттук идеология, этнопедагогика, ж.б.у.с. керектүү багыттарды ким көзөмөлдөп, мамлекеттик заказдарды ким уюштуруп келе жатат? Эч ким жок! Министрликке кичине эле сын тагып койсоң, ыйлаган бойдон жогору жактагы колдоочусуна жүгүрүп жетет. Анан эле чабышып жатып каласың. Натыйжада, жаш жана келечектүү окумуштуу унутулат, талаада калат. Мына, биздин бүгүнкү илим саясатыбыз! Жаш окумуштууга артыкчылык менен маяна берип, анын иштөө шартын жакшыртууга каражат тапса болот. Андай каражаттар толуп жатат. 

-- Мамлекетте 9-10дой текшерүүчү мекемелер бар, кичи жана орто жеке менчик ишканаларды пландуу текшериш керек болуп калса, экономика министрлигинен уруксат кагаз алып, 10 күн мурун “биз баратабыз” деп кат жөнөтүп, алар кагаздарынын баарын тууралап алгандан кийин анан барышат. Бул көрсөтмө мурунку өкмөт тарабынан киргизилген. Ал эми учурда ушундай токтомдорду жокко чыгаруу мезгил талабы болуп турат. Алынып салынган санитардык-эпидемиологиялык плансыз текшерүүнү кайра киргизсе, бул боюнча өкмөт эмне иш-чара көрүп жатат?

-- Чарбакер субъекттердин ролу Кыргызстан үчүн абдан зор. Элди багып жаткан так ошолор. Бирок ошол бизнес түзүмдөрдү тырпыратып  баса калып, обу жок эле текшерген укук коргоо органдары кутуруп кетишти. Ошондуктан президент Садыр Жапаров кечээ эле, б.а. 2021-жылдын 4-мартында “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” аттуу жарлыгын жарыя кылбадыбы? Бул чара бекеринен көрүлгөн жок. Ишкерлик-чарбачылык менен алектенген жарандарыбызды коргоо мамлекеттик көйгөйгө айланып кетти. Бул эң туура кадам болду. Мыйзамсыз текшерүүгө азгырылган кызматкерлер кылмыш жообуна тартылуулары керек. Ал эми коркутуп-үркүтүп пара талап кылгандарды эл душманы катары катуу жазалоо абзел. Болбосо, экономикабыз эч качан өнүкпөйт. Элибиз итке минген кейпинен чыга албай калат. Эгерде сиз айткандай текшерүүчү мекеменин башчысы алдын ала келишип алып, анан жасалма текшерүү ишин уюштурса, аны мамлекеттик чыккынчы жана зыянкеч катары кабыл алууга тийишпиз. Текшерүү деген ачык, адилет, керек болсо капилеттен болуусу зарыл. Мамлекеттин фискалдык саясатына карама-каршы келген токтомдорду мен жогоруда белгилеген жарлык жокко чыгарды. Эми аны так аткаруу гана калды. Баардыгы өзүбүздүн колубузда!

-- Медицина тармагында дагы көп кемчиликтер орун алган. Эң жөнөкөй кандын анализин ар бир оорукана, бейтапканаларда (ЦСМ) ала алышпай, жеке менчик лабораторияларга жөнөтүшөт. Ал жерде тарифтик бааларын өздөрү билип коюп алышкан. Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик ооруканаларга, бейтапканаларга, лабораторияларга лицензияларды оңду-солду бере берип, өзгөчө тарифтик баа жаатында көзөмөлдү чыгарып жиберишкен. Бул жаатта өкмөт кандай иштерди жасачудай? 

-- Бизде саламаттык сактоо саясаты эч нерсеге жараксыз экенин Covid-19 пандемиясынан эле көрдүк. Элдин кырылып калуу коркунчу реалдуу орун алды. Канча бейкүнөө жарандарыбыз ажалынан мурда эле каза болуп калышты.  Буга ошол учурда мамлекетти башкарып тургандар, медицинаны калчаган чиновниктер түздөн-түз күнөөлүү деп айсак туура болот. Медицина тармагы өтө терең кризисте экендиги айгинеленди. Анысы аз келгенсип, бул тармактагы эбегейсиз жана ырайымсыз коррупция күч алганын дагы көрдүк. Министрлери баш болуп камакта отурушат го? Эмнеге мындай абалга кептелишти? Бул баягы эле түбүң түшкүр коррупция! Өлкөбүздөгү көзгө басар оорукана, бейтапканалар де-факто менчик болуп кеткен. Илең-салаң абалы калган улуттук госпиталдан башкасынын баары номиналдык түрдө жеке адамдардын колуна өтүп калган. Аталышы мамлекеттик, бирок, де-факто жеке менчик. Ушул кантип болсун?! Фармацевтика тармагын айтпай эле коёюн. Ал жерде зор мафия! Анын катышуучулары – мамлекеттик чиновниктер, шамдагай жана чапчаң кыймылдаган медиктер, анан өтө шылуун “ишкерлер”. Элдин дарыдан келген коопсуздук маселесин ойлогон эч ким жок! Ошондуктан, фармзаводдорду калыбына келтирип, мамлекеттик монополияны кайрып келүү – бүгүнкү күндүн талабы! Бул азыркы бийликтин эң башкы иш-чараларынан болуусу абзел. Өтө эле кыйын ишкерлер ачкан аптекалар өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынуусу зарыл. Кечээги эле ковид апаатында  жарандарыбыз баасы асманды чапчыган дарыларды алалбай, өлүп кете беришти! Аттиң гана дейсиң. Укканым же көргөнүм эмес, өз башыман өттү. Баардык каражатыбыз мага кетип, балдарым карайлап отуруп калышты!

Эми эмне кылуу керек? Саламаттык сактоо ишин дээрлик жеке менчик ооруканалар, бейтапканалар, аптекалар ээлеп келе жатышат. Мамлекеттин элге деген социалдык саясаты ушулбу? Анын жүзү курусун! Бирок, кырдаалдан чыгуунун аракетин көрөлү да? Мисалы, улуттук госпиталга эмнеге өзгөчө статус бергенге болбосун? Ал үчүн керек болсо атайын мыйзам кабыл алалы. Өзгөчө тартип менен каржылансын. Дарыгерлер менен тейлөөчү кызматкерлеринин маяналары врачтар үчүн кеминде 50 миң сом, калгандарына 20-30 миң сом болсун. Бир жалгыз улуттук госпиталды ушундай каржылай албасак, анан кантип мамлекетпиз деп ооз көптүрүп жүрөбүз? Жеке менчик ооруканалар өлкөнүн ресурстарын толук эле пайдаланып жүргөндөрү калппы! Улуттук госпиталды мен айткандай деңгээлге көтөргөндөн кийин ага мыкты дарыгерлер келе башташат. Андан кийинки кадам албетте, анын материалдык базасын чыңдоо болуусу абзел. Анан облустук ооруканаларга өтсөк болот. Булар колубуздан эле келе турган чаралар го! Саясый эркти гана кармасак болгону. Анан албетте, ачкөздүктү ооздуктап, алкымды тыйыш керек. Ага да болбой кутургандарды катуу жазалоо абзел. Болбосо карапайым эл дагы жарылат. Саламаттык сактоо министрлигин түп-тамырынан бери кыйратып салып, кайра түзүү зарыл. Азыркы абалы элдин кыжырын келтирүүдө.


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер