Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиярбек Абжалиевдин кайрадан “кусары” талкууга алынууда

Алиярбек Абжалиевдин кайрадан “кусары” талкууга алынууда

09-март, 12:00
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы бажычы, экс-депутат Алиярбек Абжалиевдин байлыгы арбын. Кудасы Соке бийликке келгенде бизнесин кеңейтип, баасы асман чапчыган жерлерге ээлик кылып, бейишке чалкыгандай эле жашап жаткан. Кызыгы, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин кирерге тешик таппай калып, акыры камалып, 20 миллион сом “кусуп” чыкканы эсибизде. Эсептегичтердин баамында, Алиярбек жаңы бийликтегилерди алдап кеткени, кыңыр иштеринен оңой кутулганы каңкууланып келет. Учурда кайра баштан “окшутуу”, жеген-ичкендерди мамлекетке төктүрүү саясаты жиреп баратканда, көз жаздымда калып калабы? Акыркы кездери ондогон миллиондогон долларбайлар коррупцияга айыпталгандардан агылууда, мындай шартта Алиярбек Абжалиевдин мурдагы “кусканы” майда эле ыпыр-сыпыр тура. Демек, кезеги жакындай баштаганбы? Көмүскөдөн талкуулар жанданууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер