Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшебай Усубалиев: 4975 (Аңгеме)

Бейшебай Усубалиев: 4975 (Аңгеме)

17-декабрь, 17:00
2 567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Досум Кубан Мамбеталиевге!)

Баян Асылбекович чочугансып ойгонду. Эмнеден чочуганын эстей албады. Чочугандай көрүнсө керек. Ушинтип ойлоп койду. Турду да, адаттагыдай эле жуунду. “Бетимде эле тактар көбөйүп баратат” деди санааркай, маңдайындагы күзгүгө тигиле. Анан негедир кайдыгер “боордон дешет го”... “Үйдө киши барбы?” дегендей, кулак түрүп калды. Жан жоктой. Кечээ үйдө байбичеси экөө эле калганы эсине түштү. “Алар болгондо... - деди ичи жылый жылмая, -- эмгиче үйдү үч көтөрүп...”. Неберелерин айтып жатканы. Алар кечээ эле өз үйлөрүнө тарап кетишпеди беле. Байбичеси кайда кеткен? Эстеди, негедир жылмая кетти. Адаты да, дайыма ушул маалда... “Эрте барбасам Осмондун сүтү калбай калат. Калгандарыныкынын баары таза эмес, суу кошулган”. Байбичеси дайыма ушинтет. Бүгүн да ушинтмек. Бул сөз жедеп кулагына сиңип калган эле. Жылмайып койду. “Ошол мактаган Осмонуңку эле таза болсо болду го, - деп койду шектенгендей. -- Аның деле сүттү элден чогултуп келет экен, анан кантип эле... Бири болбосо, бири... Азыр...”. Өз кабинетине жеткиче ушинтип күбүрөнүп барды. Үстөлгө отурду да, күтүп калды. “Сүтсүз ичсе эмне болот? - кичине ачуулана кетти. -- Мына мен алтымыш жылдан бери эле сүтсүз ичип келатам. Өлгөнүм деле жок!..”. Ачуусу күчөп кетери тык эсине түштү да, сүйлөнбөй калды. Бул үйдө байбичеси гана чайды сүтсүз иче албайт. Калгандары... “Калгандары деп коём, - деди ичи ачыша. -- Эрмек эле бар да, ал да таң заарда ишине кетип, эл уктагандан кийин келет”. Чын эле ушундай. Калган уул-кыздары өзүнчө бөлүнүп кетишкен, кээде балдары менен келип калышат. “Сүттү унутуп калыптырмын, - дейт байбичеси каадалангандай. -- Муздаткычтан алып келе койгулачы”. Неберелери топурап жөнөп калышат. Уул-кыздары, келиндери менен неберелери деле сүткө кайдыгер. Сүт болуп калса, сүттөп ичишет, көбү өзүндөй баш чайкашат. “Баары эле сени тартып калыптыр, - деп күлүп калат байбичеси кабатырлана. -- Ушул кантип болсун, сүтсүз...”. Баян уул-кыздарын бир тегерете карап алат да, “булар качан сүт менен чай ичпей калышкан?”. Таңдана туруп калат да, жаны жыргай өзүнчө жылмая, алардын кичинекей чактарын эстей кетет. Анда элдин көбү дүкөндөгү бөтөлкө сүттөрдү чанып, сары бочкеден саткан сүткө агылышат эле. Бочкени шаар четиндеги дөңсөөгө сүйрөтүп келишчү, желини толгон уйдай кылып. Эртең мененки беш-алтыларда. Бирок ага чейин эле узун кезек пайда болуп калчу. Көбү бүжүңдөгөн орус кемпирлер. “Анда орустар көп эмес беле, - деп ойлоп койду Баян. -- Тим эле каптап кеткен...”. Баян да жөнөчү, калай бидонду көтөрүп алып. Көбүнчө жалкоолончу, бирок айла канча, барчу. Эртең менен таң азандан туруш... Кызуу уктап жатканда... Көп өтпөй кызматка жөнөтмөй... Ушуларды ойлойт, бала-чакасы менен бирге чайга отуруп калышканда дайыма сары бочке эсине келет. Анан өзүнчө шыбырай кетет, “ошол мезгил эле сонун экен да, уйкум канбаса да... - ичи тыз дей түшөт, кандайдыр бир кусалыкка кабылгансыйт. Көп өтпөй селт эте, “сүттөн башканы ичпеген булар эми сүттү танышып...”. “Түшүнбөйм” дегендей башын чайкай кетет. Кайрадан кусалыкка кабылгансыйт, ичинен үшкүрүнө кетет, “баары өтүп кеткенден кийин сонун”. Терезе жакты карап, ойлуу туруп калды. “Эмнеге мынча кечикти, эмне, кезек ушунчалык узунбу?”. Өзү да далай турду эле го кезекке. Жылмая кетти, ошо кезде жазган ыр саптары эсине кылт этти:

Эртең менен 

Эперте

Саат бештерде

Сүткө

Сары бочкеге

Турабыз кезекке...

Ушул саптар жүрөгүнө кыттай уюп калыптыр. Унутайын десе да унута албайт. Өзүнөн өзү эле күүгө келип, жаңырып тургансыйт. Калган саптары эсинде жок. Эске түшүргүсү келгендей, ойлонуп туруп калды. Башын чайкап жылмайды: “Кайсы саптарын айтып жатам? - деди жылмайган тейде. -- Уланбай калбады беле!”. Жок, өзү уланткан эмес, деги эле ыр жазууну таптакыр таштап салбады беле! “Жакшы эле баштаган окшойм, - саптарды ичинен кайрый, өкүнгөндөй болду. -- Улантсам болмок экен, улантканда...”. Эмне үчүн уланткысы келбей калганын эстегиси келди көрүнөт, ойлонуп туруп калды, бирок эсине түшүрө албады. Анын ордуна сөөмөйү менен астыңкы, үстүңкү тиштерин бирден санагандай сыдырууга өттү. Муну менен бирге тилинин учу да кыймылга келип, коштоп жатты. Селт этти. Кайсы бир күнү кезекке турганда, тишинин зыркыратып ооруганы эсине түшүп, денесин бир жыйрып алды. Кол шилтеп туруп, басып кеткиси келген, бирок чыдаган. Буга ыраазы болуп койду. Үйгө кирип эле жаагын басып кулаган. “Кайсы тишим эле?”. Сөөмөйү менен тили кайрадан кыймылга кирди. “Кайдагы тиш! - деди кимдир бирөөнү шылдыңдагандай. -- Баары жексен болбодубу, беш-алты эле тишим соо калган окшойт. Калганы жасалма. Шиш муздарды качырата чайнаган кайран тиштер!”. Тааныш ыр жаңыргансыды: “Жасалма гүл шаадагы, тоо гүлүнө жете албайт...”. Кошулгандай башын ийкеп, арга жок дегенсип, колун шилтеп алды. Тиштерин кайрадан тили менен сыдыра “жууй турган тишим деле калбаптыр” деди кайдыгер. Анан сүт десе эле сары бочке менен тиши өзүнөн өзү эске түшөрүн ойлоп, бир жылмайып алды да, кайрадан кусалыкка кабылгансыды. Көп өтпөй эле көңүлү чөгө баштады. “Мынча эмне жоголду?” деди байбичесине ачуулана, ойдон кутултканы үчүн бир эсе ыраазы да болуп кетти. “Эмне, бирөө байлап койдубу?..”. Суроолуу үстөлдү көздөй бурулганда, көзүнө кыпкызыл китепче урунду. Колуна алып ача салды, муңая караган өзүнүн сүрөтү турат. Сүрөт менен сүйлөшүп жаткансып, ичинен күбүрөп, бир аз туруп калды. “Бүгүн алышыбыз керек эмес беле, акыркы күн деген, эртең аркы айга өтүп кетет да!.. Эмне эле чочугансып ойгондум дейм да, көрсө, ушуну эсиме түйүп уктаган экенмин да...”. Байбичеси кечээ кечинде безилдеп какшаган “эртең сөзсүз алышыбыз керек, болбосо!..”. “Ушинтип коюп өзү жок. Чын эле бирөө байлап койгон, болбосо... Кой...”. Жалгыз кете берүүнү чечти, өзүнүкүн анан деле алып алар, колу бош неме...” деп ойлоп койду кекенгендей. Нандан ооз тийди да, жөнөп калды. Эшикке чыгары менен суроого кептелди: жөө эле барсамбы, же маршрутка мененби? Почта анча деле алыс эмес болчу. Анүстүнө эки сааттан кийин бир жакка барарын ойлоп, чоң жолду көздөй бет алды. Маршрутканы элестетти, жок, өзүнөн өзү эле элестелип кетти көрүнөт. Тосту дейли, токтоду. Ичине кирип келатты. Кире баштаганда эле аны жай кыймылдап жаткандыгынанбы, же башка себеби барбы, бир көз жан алакетке түшө карап турган болот. Аргасыздан башын көтөрөт, бул – учууга талпынып жаткан кушту элестеткен айдоочунун көзү. Денеси үркө салонго учуп киргенсийт. Анан... Жайнаган көздөр аны кадала тиктеп турган болот. Эл көпбү же азбы, айтор, жайнаган көздөр эле элестейт. Эл эмес, алардын көздөрү эле бараткандай туюла берет. Бош орунду элестете албайт. Маршруткага чанда-чанда гана, болгондо да кыймыл кайнап турган маалда түшүп жүргөндүктөнбү, жер карап, же терезени тигиле тиктемиш болуп, же соткаларын чукуламыш болуп бараткандардан башкалары аны жаман көздөрү менен заар чачып карап тургандай туюлуп кетет. Ыңгайсыздана кармагычты мыкчый кармайт. Аңгыча бирөөнүн “кайдан келе калдың эле” дегендей бошоңку чыккан үнү угулат:

-- Келиңиз, отуруп алыңыз...

Ыраазы боло отура кетет. Жай отургуча, ким орун бошотуп бергени да билинбей калат: Ошентсе да “ыракмат” деп күбүрөп коёт. Көп өтпөй:

-- Тур! - деген каардуу үн маршрутканы титиретет. -- Көрө салганда өзүң эле тура калбайсыңбы ыя! 

-- Мен көргөнүм жок да. “Тур!” деп кыйкырып... - Ыза, ый аралашкан үн. 

-- Кыйкырам да, карап туруп, көрбөй жатсаң, көрбөмүш болуп... - Албууттанган үн дагы эле өзүн токтото албай, титиреп жаткансыйт. Алтымыштарга чукулдап калган аял. Сыртынан карасаң, мынчалык ач айкырыкты салчу жандай деле эмес. Катуу кагуу жегендиктенби, же уялгандыктанбы, өзүн коёрго жер таппай, атүгүл көзүн да батыра албай, муңая, ызалана элеңдеген бала. Асынган китеп кабына караганда, мектептен келаткан окшойт. “Жандүйнөсү жанчылып калды ээ...”. Ушинтип шыбырап, бул шыбыр менен кошо жогорудагы окуя көз алдынан чубап өтүп, Баян бир силкинип алды. “Өзүбүздө да бар, бар эле эмес, өтө көп!” деп кекене шыбырап койду,

-- Ыракмат, айланайын, өмүрлүү бол! - деп алкагандарды өзүнүн курбалдаштарынан учурата электигин ойлоп, “ушинтип койсо, жүрөгү ысып калбайт беле баланын...”. 

Каар заман. Заар чачып, ызырынып эле араң турушат. Өзгөрүп баратат баары: карысы да, жашы да. Өзүчү? Билбейм дегендей башын чайкап, күбүрөп алды, “карысы жашынан, жашы карысынан өтөт...”. Ушу күбүр менен кошо “тур!” деген каардуу үн кайрадан жаңыргансыды. Маршруткага кирип барганда аны караган жайнаган көздөр, жактыра бербегенсиген жүздөр көз алдына тартыла түштү да, “и-ии” деп бир селт этип алып, тык токтоп, турган ордунда какайып катып калды. Дендароо абалында тегерегин бир сыйра карады да, “ырас болгон тура” деп күбүрөнүп койду. Дүкөндөн өтүп кете электигине сүйүндү, мындан жүз метр эле ары өтүп кеткенде, чоң жолго урунмак экен да. Анан аргасыздан маршруткага... “Кой, жөө эле барайынчы”. Солго бурулду да, кадам таштады. Жөөлөр жолу. Узун капкара жол, капырай, башка жолдордон эмне үчүн капкара болуп көрүнөт десең, күн сайын атайылап кара менен сырдап тургандай. Анан да ченин айтсаң, эки киши араң батат. Түптүз, тептегиз болуп турса да, жыгылып кетпейин деп өтө аярлап басасың. Ушуларды ойлоп, башын бир чайкап алды. Анан негедир жылмая кетти, балалыктагы бир учур эсине кылт этти. Пенсияга жөө баратканда дайыма ошол учурду эстээрин ойлоп, ичи жылый, дагы жылмайды. “Анда пенсияны кар чарба деп коюшчу эле” деди күбүрөй. “Пошточу атам болсо да, бир да жолу өзү тараткан жок окшойт, жарыктык киши. Гезитин да, кар чарбасын да мен таратаар элем...”. Атасына таңдангандай жылмая башын чайкап койду. Биринчи жолу кар чарба таратканда... Ооба, ошол күн көкүрөгүндө биротоло уюп калган окшойт, өңгөнү унутса да ошону унута албай койду. Мамбетайып атанын үйүнө барган, кемпири экөө отурган экен. Кар чарба бергени келгенин укканда, кемпири “оозуңа май, айланайын! “Теңгебиз түгөнүп баратканынан эми карайлап кимден карыз сурайм?” деп азыр эле наалып отурбадым беле! Анан айтып оозум жыйганча, минтип өзүң... Алдыңа кетейиним!” деп жалынып-жалбарган. Ошондо бир сом берген. “Албайм” деп канчалык тарткынчыктаса да болбой коюшкан. Кийин көнүп кеткен, атүгүл пенсия алчулар бирдеме берүүгө милдеттүүдөй сезилчү. Бул жоругу үчүн уяла түшкөнсүдү. “Өздөрү болгону 12 сом алышса, анан мен үмтөтүп... Балабыз да...”.  Бир эсе өкүнгөндөй, бир эсе кубангандай жылмайып койду. Өзүнүн пенсиясынын арасында 50 сомдук, анан майда тыйын 35 сомдук болор эле. 50 сомдукту кассирге акырын жылдырып, тыйын сомдуктарды өзүнө калтырчу. “Мындан кийин баарын эле калтырып жүрөйүнчү” деп койду. Өзүнө ыраазы болуп калгансыды. Кичине эле узай бергенде, жүрөгү бир булкуп алды, “ушинтип, - деди жүрөгүн басып, -- пенсияга да жетип калган экенбиз да... Кечээ эле...”. Токтоп турду да, кекенгендей башын чайкай, кадамын улантты. “Пенсия!.. - деди көп өтпөй күрсүнө, – пен-си-йа!..”. Көз жеткис мейкиндиктей көрүнчү эле. Жомокко ишенчү, азыр да ишенет. Акыры бул жарыкчылыктан кол үзөрүнө да ишенчү, башка бирөөлөр акыры пенсия аларына да ишенчү, бирок өзүнө да минтип пенсия алчу күн келерине түк ишенчү эмес. Ошентип пенсияга түбөлүк жетпөчүдөй туюлчу, буга ишенер эле, анан эле бир күнү уйкусунан ойгонсо эле пенсияга жетип калыптыр. Азыр болсо жашоо токтоп калгандай, бир гана пенсия даӊ жүргөндөй туюла берет. Дагы токтоп калды, негедир пенсиянын өзүн көргүсү келди, “чү” дегенде эле акча болуп көрүнгөнсүдү. Кошулбагандай башын чайкап койду. Анан!.. Зиркирегендей башын буруп кетти, жок, өзүнөн өзү эле бурулуп кетти. “Маршрутка менен эле барсам болмок экен, - деди өзүн алаксыткысы келгендей, -- жөө бассам, минтип эле балээнин баары...”. Ал ойлонгондон качты, ойлогон деле жок, бирок ойлор өзүнөн өзү эле башынын ичине чубалжып кирип жаткандай. Чымырканды, ушул тепсей баштаган ойдон кутулуу үчүн, аларга каршылык кылып жайрап салуу үчүн, ошол пенсиядан качпай, аны колу менен кармап алып, мыкчып салгысы келип кетти. Пенсиянын элеси тартылгансыды көз алдына, башын бир чулгуп алып, тике эле аны карады. Кычыраган кыш. Кар калың. Кар эчтеке эмес, жол көк жылгаяк. Кылт этсең эле “талп” дей түшөрүң бышык. Уулу экөө келаткан, уулу колтуктап алган. Бирдемелерди кобурашып шаңдуу келатышкан. Чоң жолдон өтүп, базарга кире бергенде, уулунун үрккөн үнү угулду “и-и-ий... Карачы. Азыр жыгылат!..”. Баян “жалт” карады. Бет маңдайында бир орус кемпир келатат, титиреп араң келатат. Эки колунда бутактуу таяк. Ар бир бутакка ичи толтура баштыктар илинген. Башынан аягына чейин. Баяндын денеси “дүр-р” дей түшүп, өзүн жоготуп койгонсуду. Колун булкуп, уулуна кайрылды. Колтугу бош экен, уулу эчак эле учуп жетиптир.

-- Не надо, сынок, не надо!.. - деген кемпирдин безилдеген үнү угулду. -- Я сама...

Уулу шаабайы суугандай кайтты.

-- Болбой койду, “өзүм эле” дейт, жедеп бышып бүткөн окшойт.

-- Көтөрүнгөнү эмне экен?

--  Пенсия да... 

-- Кандай пенсия?!..

-- Жөн эле. Пенсиясын алып, өзүнө керектүүлөрүнүн баарын таягына жүктөп алып...

-- Ченеп алса болмок экен, эми бу кейпи менен бир жерден жыгылат да.

-- Жыгылбайт!.. Көнгөн да. Бирөөнү эле алып көрчү баштыктарынан, шыдыр эле тоголонуп түшөт... Улам-улам эле келе берсе, жыгылып калышы мүмкүн... Анан бир эле жолу... Өзү жалгыз болсо...

-- Кандайча жалгыз?

-- Пенсионерлер жалгыз калышат да.

-- Жалгыз?!

Атасына катуу тийип калганын сезе коюп:

-- Орустарды айтам.., - деген уулу жооткото. -- Бул көчөдө жалгыз калган орус кемпирлер канча дейсиң...

Ушул окуядан кийин Баяндын көкүрөгүндө экөө биротоло уюп калгансыды: пенсия, анан жалгыз. Ушул эки сөз уялаштай сезиле берет: пенсия десе жалгызы, жалгыз десе пенсиясы көз алдынан жүгүрүп өткөнсүйт. 

Баян эс ала түшкөнсүдү. Жанатан бери көрө албай жан алакетке түшүп жаткан пенсиясын көрүп, жеңилдеп калгансыды. Кандайдыр бир белгисиз коркунучтан улам мыкчып, мыжып салгысы келди эле, көрсө, анча деле коркунучтуу эмес көрүнөт. Эки таягына эки тоннадай жүктү артып алып, теңселбей да, кебелбей да келаткан кемпирди элестетип, бир эсе таңдангандай башын чайкаса, бир эсе пенсияны табалагандай өзүнчө жылмайып алды. Ою токтоп калды. Аңгыча оң жактагы жөө жолдон чыккан божураган үн токтоп калган оюн ойготуп жиберди. Үч-төрт жашар баланы жетелеп, бир кыргыз байбичеси келатыптыр. “Небереси болсо керек” деп ойлоп койду. Чоң энесинин колунан улам-улам тарткылап коюп, ар немелерди божурап келатат. Атайылап кулак түрүп калды. 

-- Апа, апа...

-- Ии, алдыңа кетейин...

-- Апа, “күндө келип атып, тажатып бүттүңөр” деп киргизбей коюшса кантебиз?

-- Киргизет, алдыңа кетейиним, киргизбей эле коюшсунчу...

-- Сен урушпа ээ, алар менен.

-- Урушпайм, алдыңа кетейиним, урушуп жинди белем.

-- Ушинтип коюп эле... - Небереси бултуңдай кетти көрүнөт. “Чоп” деген үн угулду. Чоң энеси үндөбөстөн акырын башынан сылап, өөп койду окшойт. Көп өтпөй мээрман үн сызылды:

-- Буюрса, жакында бенсийам тийет, ошондо саа каалаганыңды алып бербесем...

-- Дайыма эле ушинтесиң, анан эле “акчам жетпей калды” дейсиң...

-- Жетет, алдыңа кетейиним, бенсийадан берекелүү эмне бар экен, ал баарына жетет!.. 

Бала дагы бирдеме дегенсиди, күлгөн, анан “чоп” эткен үн угулду. Небереси жаадырып жаткан суроолорго бир да “лам” деп койбой жооп узатып жаткан байбичеге бир эсе таңкалса, бир эсе чын дитинен ыраазы болду. Көңүлү ачыла түштү. Башын көтөрсө, алар алда кайда узап кетишиптир. “Кемпир тың экен, небереси менен тең жарышып...” деп койду, алардын үлбүлдөгөн караандарын узата карап. Суктанды. Кемпир баланы мээримине киринтип бараткандай туюлду. Кадамын көңүлдүү улады. Бир аз узай бергенде, доошу наристеникиндей болсо да мааниси “селт” эттирген неберенин сөздөрү кайрадан жаңыргансып, ичиркене дене боюн жыйрый кетти. Жүрөгү сайгылаша баштагансыды. “Тажатып бүттүңөр” деген баланын кимдир бирөөнү туурап айтып жаткан сөзү дал ушул жүрөгүнө жебедей сайылып калгансыды. Колун жүрөгүнө коё салды, жок, жүрөгү демейдегисиндей эле согуп жаткансыйт. “Бала болуп туруп... Далай уккан да! - деди кекенгендей. -- Деги бул сөздүн эмне экенин билеби? - Башын чайкады. – Билбейт! Бирок жаман сөз экенин билет...”. Ушу сөздү угуп, бир чоң энесин, бир аны айткан адамды алаңдай карап, эки ортодо тызылдаган бала көз алдына тартыла калды да, кимдир бирөөгө кыжырдана кетти. “Барбай эле коюшса болмок...”. Ушинтип шыбырап алды, аргасы түгөнгөндөй. Бирок байбиченин ишенимдүү чыккан үнүн эстеп, демөөр байлап калды. Кемпир ага уютулган мээримдей туюлду, ыраазы боло, башын ийкегиледи. Алар кеткен жакка башын бурду, караандары көрүнбөйт.

“Эчак жетсе керек... - деди ойлонуп-ойлонбой. Суктанды. - Кемпир чын эле тың экен, - ойлонуп калды да. -- Айтканын карабайсыңбы, “пенсиядан берекелүү эмне бар экен?” деп... Канча алат болду экен?..”. 

“Селт” этти. Бул суроо өзүнө берилгендей туюлуп кетти. Жолуккандардын баарысы эле убадалашып алышкансып, сурашканы эле ушул: “Канча аласың? Сеники көп эле болсо керек, профессор болсоң...”. “Туура” дегендей башын ийкейт да, “жетет...” деп коёт күлүмсүрөп. Эч кимге ачык айта элек, пенсиясы канча экенин. Эмнеге жашырат? Уялабы? Намыстанабы? Кысынабы? Чайналгансып туруп калды. Шыбырай кетти: “Дитиң барбайт... Кызык, - деди көп өтпөй, өзүнө таңдана. -- Эмнесин жашырам, ачык эле айтып койбоймунбу...”. “Болбойт” дегендей башын чайкады. Дитиң... “Канча аласың?..”. Ушул балакет суроо көкөйгө көк талкандай тийди го, жүрөккө сайылат да турат. Ойлонуп туруп калды да, эсине бирдеме түшкөнсүп, жылмая кетти. Бир эл артисти экинчи эл артистинен сурап жатат телекөрсөтүүдө: “Пенсияӊ канча болду, Чоке?”. “Айтпай эле коёюнчу, ыйлап ийесиң. Өзүңдүкүчү?”. “Мен да айтпай эле коёюнчу, сен да ыйлап ийесиң. Анан экөөбүз кучакташып алып...”. Жылмайды да, “болбогон бир нерсе менен чыгышса керек...” деди шыбырай. “Чын эле, - деди көп өтпөй, -- “Кайда барсаң Мамайдын көрү” дегендей, жүрөгүңдү жанчат да турат. Эмне үчүн?” Өзүнчө шыбырап, башын чайкап койду. Бул суроо өз артынан улам бир окуяны чубап чыгып жатты. 

Бир жолу түн ортосунда кол телефону шыңгырап кирди. Чочуп кетти, жүрөгү бир булкуп алды. Башын шак көтөрүп, телефонуна асылды. Алса, композитор досу экен: “Баке, - дейт үнүн каргылдана. -- Баке, мени куттуктап койсоң болот, мен жогорку, ардактуу пенсия – 15 миң сом менен чыктым, - кыйлага бышактап турду да, -- Билесиңби, Баке, жүгүрүп жүрүп, көрүнгөндүн эшигин жыртып жүрүп, эл артистигин алып койгонум абийир болуптур! Өзүңчү, Баке, канча менен?..”. Ушул суроону угары менен колунан соткасы ыргып кеткенсиген. Байбичесинин “эмне болуптур?” деп үрпөйө берген суроосуна: “Ээ баягы Акматбек да. Кызуу экен, пенсияга чыгыптыр, ошонусун...” деп койгон кайдыгер, көңүлсүз. “Пенсиясын эртең айтса, бирөө жула качмак беле, жүрөктү түшүрүп...” деп байбичеси күӊүлдөп алып, жаздыкка башын койгон. Эртеси эле таксиде баратса, таксист атайы башын буруп, “сизди ушуну менен үчүнчү жолу алып баратам окшойт, дайыма такси менен жүрөт көрүнөсүз. Анан... Боорум ооруп кетет”. “Эмнеге?”. “Пенсияңыздын баары эле таксиге кетип жатпайбы... Деги канча аласыз?”. “Жетет... Таксиге да... Баарына”. Ушинтип койгон, дагы эле кайдыгер, көңүлсүз. Мурда өзү деле сурачу, бирок элес алчу эмес. “Жүрөккө тийет экен” деп ойлочу да эмес. Эмичи?.. Кадимкидей айбыгат, “сурайын” деп келатканда эле денеси “дүр-р” этип калтырап кеткенсийт. Эмне үчүн? Ийнин куушурду. Маршрутка менен кетпегенине дагы бир жолу өкүнүп алды, “аз эле калды да, - деди кайра өзүн жооткото. -- Китайкага жетип алсам, анан бат эле...”. Алды жакта чубалжыган узун тамды карап, суктангандай башын чайкагылай кетти. Дайыма муну көргөндө таңданат да суктанат. “Шаардагы эң узун там ушул болсо керек” деп ойлойт, анан “мынчалык неге узун салынган?” дейт да, “билбейм” дегендей башын чайкайт. А аты “Китайка” экенин жакында эле билди. “Мен азыр эле жетип барам” деген таксист шыпылдай. “Башка такси менен кетип калабы?” деп чочулап, “Китайкада эле турам, узун тамдачы...”. Ошондо шыдыр эле “эмне үчүн Китайка деп аталат?” деген суроо да пайда болуп, бул үйдү көргөн сайын ушул суроонун тегерегинде ой чаргыта берет. “Узундугунан ушинтип коюшса керек” деп койгон таксист эдиреңдей. “Эмне үчүн Китайка? - деди адатынча. -- Эмне, Кытай сепилине окшоштуруп ушинтип атап алышканбы?” Кошулбагандай башын чайкай кетти. Бул адатта кандайдыр бир сыр бардай туюла берет. Кандай сыр? Башын чайкап койду. “Ушул Китайкага жетип алсам...” кобурана башын көтөрдү да, чочугандай “ой!” деп алып, тык токтоду. Китайкага жетмек турсун, оңго бурулуп, ортосуна келип калыптыр. “Капырай, - деди шыбырай, -- ушундай да узун үй болобу?..”. Капысынан эсине байбичесин күтпөй баса бергени түшө калып, “келип эле мени таппай тызылдап калды го? Билет, - деди кайра жылмая, -- Пенсиялык китепченин жоктугун көргөндө эле, “аа” – дейт”. Чогуу келишпегенине сүйүнүп алды. Ырас эле чогуу келишпептир да, болбосо, бир жерден болбосо бир жерден башталмак. Сөзсүз. “Жанагы бухгалтерибиз киши өңдүү болгондо, мен деле киши өңдүү алмакмын пенсияны, - демек даттанып жаткандай. -- Налогду төлөбөй, бизди алдап жүргөнү аз келгенсип, эмгек китепчебизди жоготуп ийгеничи... Эми минтип болбогон бирдеме менен чыгып...”. “Болору болду да, эми ыйлактай бергенден пайда жок... Ушул пенсияң эле жетет бизге...”. “Жетерин жетет дечи, бирок ичиң күйөт экен...”. Кичинекей баладай улутунуп туруп калат. Ушунда бир Баяндын зээни кейип кетет дейсиң, бүт дүйнөдөгү пенсияны жоюп салгысы келип кетет. “Пенсияга чыкканыӊ бир жөн, - дейт байбичесине угузбай. -- Чыккандан да ушу “канча?” дегени тозок болду го. “Канча?” дегенде тим эле жүрөгүң оозуна кептеле түшөт экен. Ушу “канча?” дегени канчалардын жүрөгүн тилип жүрөт. Ыйлактап эле жүргөндөр... “Мурда өзү деле далай жолу башкалардан ушинтип сураганы кайрадан эсине түштү. Ооба, далай жолу сурабады беле, бирок элес алчу эмес. Жүрөккө канжардай сайылары түшүнө да кирбеген. Эми өзү минтип... Жан айласын таппай туруп калды, башка бир нерселерди ойлогусу келди. Эсине бир кезде басмада чогуу иштешкен эки эжеси түштү. “Канча?” менен пенсиянын акыры ушул эжелерин эсине түшүрөрүнө алып келерин ойлоп, таңдангандай башын чайкап, күлүмсүрөй кетти. Негедир жеңилдей түшкөндөй болду. “Түшүнүктүү...” деди күлүмсүрөгөнүнөн жазбай. Негедир көп өтпөй өңү кумсара түштү, “пенсия... пенсия де!.. Анан канча?”. Анда социализм мезгили эмес беле, эки эжеси куйрук улаш чыкмак болуп калышты. Чыгардын алдында экөө бирдей безилдеп тызылдашты бейм! Алардын дүрбөлөңгө түшүп жатканына таңдана караган Баянга “Сени да көрөбүз, үрбөп-дүрбөбөй бейкапар кете берериңди. Андан көрө эки жактан калем акыны көп аласың, ошолордун документтерин чыпчыргасын коротпой сактап жүр, кийин сызга отуруп калба!” дешкен жарыша. Баян мыйыгынан жылмайып тим болгон. Баса, экөө тең балдарга арналган эки чыгарманы котормокчубуз деп чамынышпады беле. Которо алышкан жок, биринчи кабатта отурушкан тажрыйбалуу эки котормочуга кармата салышты. Баян буга түшүнбөй эле тиктеген. “Биз котормонун балакетин алабызбы? - деген бир эжеси күлүп. -- Пенсия... Тигилер которушат, калем акысын алар алышат, жок, биз алабыз да, аларга беребиз. Ошондо биз которгон болуп калып жатпайбызбы! Анан калем акыдан түшкөн үлүш биздин пенсиябызга чегерилип жатпайбы!..”. Эки эжесинин айла-амалына Баян башын чайкап күлгөн, бирок анча деле маани берген эмес. Ушул күндөрдү көз алдынан чубатып, өзгөчө башын соймоңдото көзүн ымдап, эрдин кымтыган котормочуну элестетип, Баян ошол учур менен аралашып кеткендей болду. 

Чын эле экинчи эжесинин котормочусу бир кызык жан эле; жумасына жок дегенде бир жолу эшиктен башын соймоңдото чыгарып, эжени “бери кел” дегендей көзүн ымдап, анан эрдин бир кымтып алып, башын шарт тартып кетчү. Экинчи эжеси “бар күттүрбөй, сүйгөнүң келген тура свиданиеге...” деп кыткылыктап күлүп калчу. Тиги эжеси сумсайыңкы чыгып кетчү да, көп өтпөй кирип келип, капчыгын аңтарып кирчү. “Которуп бергени жакшы дечи, ушу улам эле сурай бергени жаныма батып кетти” деп наалып алып, кайра жөнөп калчу. Ошентсе да экөөнүн тең акыбети кайтып, 120 рубль менен пенсияга узашкан. 


(Уландысы кийинки санда)

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер