Акыркы кабарлар
» Саясат » “Атамбаевди абактан чыгарып, Соке менен кармаштырып койсо...” дейт
“Атамбаевди абактан чыгарып, Соке менен кармаштырып койсо...” дейт
23-апрель, 12:00

Баса, “Атамбаев түрмөдө куурап, Соке резиденцияда жыргап жатканы жарабас! Экөөнүн күнөөлөрү бирдей эле. Демек, жоопкерчиликтери чогуу каралышы керек...” деген кептер басымдуу болууда. Албетте, мындай билдирүүлөр саясый элитада айтылууда. Дагы бир атын атагысы келбеген саясатчы “Атамбаевди абактан чыгарып, Соке менен кармаштырып койсо, эл да алаксып, экөө бири-бирин “жейт” эле. Мындай шартта бийлик калыс карап койсо, беделине шек кетпейт” дейт. Чын эле, соңку убакта Сокенин сайрандап жүргөнү көпчүлүккө жакпай атат. Оор кылмыштарга шектелип атса кантип жашынат? Бийлик акыры “сокур ичегидей” кесип салабы?..
"Азия Ньюс" гезити