Ак үйдө Айсулуу Мамашовага каршы чыккандар кимдер?
Ушу тапта ак үйдө жүрүшкөн журналисттердин маалыматы боюнча,үч күн мурун мандатын тапшырып, лидерликтен да кетип, азыр сыртта турган Алмамбет Шыкмаматовдун шыкагы менен анын ордуна мандат алып келген Нурбек Сыдыгалиев, Сайдулла Нышанов, Абдимуктар Маматов үчөө жыйналып, жаңы шайланган Айсулуу Мамашованы “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен алып түшүүгө, лидерди кайрадан шайлайбыз деп аракет кылып, чуркап жүрүшкөнү белгилүү болду. Аларды президенттин жогорку Кеңештеги өкүлү Курмабек Дыйканбаев ээрчип жүрүптүр. Буга чейин лидер шайлоодо Сайдылла Нышанов менен Садык Шер-Нияз экөө талапкерлигин коюп, 5/5 добуш менен эки жолу тең өтпөй калышкан. Андан соң Айсулуу Мамашова сунушталып, көпчүлүк добуш менен лидер болуп шайланган. Утулганына моюн сунуп, чыр кылбай, кызындай болгон жаш, келечектүү депутатка орун берип, талашпай отуруп калышпайбы тигилер. Шыкмаматовдун Нышановго ордун берип кетейин деген планы ишке ашпай калдыбы?
Aryba.kg