Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) Элнура Алканова: “Көйнөгүм ичине каткан купуя сырларын үнсүз көрсөтөт...”

(Сүрөт) Элнура Алканова: “Көйнөгүм ичине каткан купуя сырларын үнсүз көрсөтөт...”

16-сентябрь, 12:57
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мен үчүн кыргыз көйнөгү кооз да, сымбаттуу да, ошону менен бирге терең философиялык мааниге ээ. Кыргыз көйнөгүн кыздар, улуу эжелер кылдаттык менен тандап, өзүнүн ички дүйнөсүнүн байлыгын көрсөтүп, чебердиги менен мактанып, суктантчу. Ар бир оймосу, анын өңү, фактурасы, жайгашкан жери дагы кийген адамдын арманын, ичине каткан купуя сырларын, каалоо-тилектерин үнсүз, сөзсүз көрсөтө алат. Эсиңердеби, Курманжан апабыз өзүнүн сүйүү ыргагын Алымбек даткага сайма сайып жөнөткөн. Ошол сыңары мен дагы көптөгөн биздин уз айымдарыбыздын чеберчилигине суктанып, кызыгып, жүрөгүмдө, оюмда жараткан ой толгоолорду угуп, алардын ичинен таланттуу Айпери Обозованын кыргыз кийимин тандадым. 

Мен али жашмын, ачык түстөгү, түрдүү дизайндагы кийимдерди кийип, эксперимент кылганды жакшы көрөм. Алдыңыздарда менин фотосессиямдан бир үзүндү, толкундануу менен силердин назарыңыздарга тартуулайм! Мындай Элнураны силер буга чейин тааныган эмессиңер!

Кийим: Айпери Обозова.

Стиль: Толгонай Камилжанова” деп жазган Элнура Алканова Фейсбуктагы баракчасына.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер