Орустар колдоп Бабанов өкмөт башына келеби?


Министрлерди башкара албай Адылбек Касымалиев чүнчүп, ишинин дайыны билинбей аксап калдыбы? Бул таризде ачыкка чыкпаган көптөгөн сын-пикирлер бугуп жаткандай. Мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин так аткара албаса, мамлекетти артка тартып атканы да, туурабы? Анүстүнө оор жүктү тартууда кыйналып, дарамети жетпей калганы да жашыруун эмес. Эмне кылуу керек? Тезинен кризистик абалдан чыгуу сунушталууда...
Россияда таасирдүү колдоочулары бар Бабановдун өкмөт башына келе турганы көптөн бери айтылууда. Ич ара ири “соодалашуулар” аягына чыкпай атабы? Айтор, мезгили бышып келаткандай. Өмүрбек Бабанов премьер-министр болсо, бийлик үчүн чоң саясый упайларды алып келет. Ички-тышкы мамилелердин курсу жогорулап, олуттуу реформаларга кадам ташталышы мүмкүн. Сырткы инвесторлордун тобу келери да божомолдонууда. Кытай менен Россиянын ортосуна Кыргызстан аркылуу соода алыш-беришине кеңири жол ачылып, олуттуу байланыштарга өбөлгө түзүлөбү? Мындай ийгиликтер ишке ашып кетсе, кыргыз экономикасына жарыгы тийсе, анда Бабановдун аброю көтөрүлүп, кийинки президенттик шайлоого колдоо алабы? Эл сүрөсө, Кремль колдосо, өзү ат тизгинин коё берсечи? Эгерде Россиянын ири долбоорлорун ишке ашырууда Бабанов негизги күчкө айланса, АКШ анын банктарына санкция киргизбейби? Айтор, көп суроолор кырынан турганы анык. Ушул кезде БӨТ “жети өлчөп, бир кесүүнү” ойлоп жаткандыр. Кайып каскагынан орустар колдоп, өкмөт башчылыкка келип калса, өң-түстү да Кудай берген эмеспи, анүстүнө акыл-эстүү, билимдүү, тили дагы таттуу, элибиздин сүймөнчүгүнө айланып кетери ажеп эмес. Харизмасы да калетсиз. Эми ооматы келсе, аны да көрөлү...
"Азия Ньюс" гезити











