Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул: “Эски адамдар саясаттан кетмейинче экономика өспөйт”

Чынара Эсенгул: “Эски адамдар саясаттан кетмейинче экономика өспөйт”

18-июнь, 12:22
944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кадр саясатынын начардыгы, туруксуздугу экономикага канчалык таасирин тийгизүүдө?

-- Өкмөт башчынын тез-тез алмашуусу экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Анткени кыска мөөнөттө натыйжа алып келип, жоопкерчиликти моюнга алуу мүмкүн эмес. Биздин экономиканын өнүгүү темпи постсоветтик аймактагы башка мамлекеттерден, алтургай башынан согушту өткөргөн Тажикстандыкынан да артта калды. Албетте, саясый оюндар болушу шарт, плюрализм керек, ар кайсы күчтөрдүн атаандаштыгы зарыл, бирок, ошол эле учурда бул системада туруктуулук да маанилүү. 

-- Жаңы өкмөт башчынын келиши менен өзгөрүүлөргө үмүт арта алабызбы?

-- Кубатбек Бороновдун премьер-министр болуп шайланышы убактылуу нерсе. Жаңы шайланган өкмөттүн курамы алдыга секирик деле жасап жибербейт.  Күзүндө шайлоодон утуп келген парламент жаңы өкмөттү курайт. Өзүңүздөр көрүп тургандай, өлкөдө кечээ жасала турган реформалар аткарылбай токтоп турат. Бизге баарын көрүп-билген өкмөт башчы гана эмес, күчтүү команда келиши абзел. Бирок, тилекке каршы, шайлоого аттанып жаткандардын арасынан реформатор, өкмөт башчылыкка татыктуу команда чыгара ала турган партияны көргөн жокмун. Жеке адамдар саясый системаны өзгөртө албайт. Себеби, көп жылдан бери бийликте жүргөн, ушул абалга алып келген, эскиче ойлонуп, өзгөрүү болушун каалабагандар саясатта басымдуулук кылып турганда, алдыга жылуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн адам канчалык кыйын болбосун кыйкырып-кыйкырып кала берет. Экономиканын өнүгүшү үчүн күчтүү топ же президенттин туруктуу колдоосу зарыл.


Анархан Алтымышова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер