Эльнура БОРОНБАЕВА: “Гемодиализ мурдагыдай көйгөй болбой калды”
-- Эльнура Көчкөновна, гемодиализ боюнча бүгүн көп суроо болду. Фондунун жетекчиси катары сиз бул боюнча эмне айта аласыз?
-- 1116 бейтап бюджет тарабынан каржылынып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин атайын жобосуна ылайык, бирдиктүү реестр түзүлөт. Министрлик тарабынын бейтаптардын маалыматы бизге берилет, биз ММК фонду каржылап, бул кызматты сапаттуу, толук кандуу көрсөткөнгө түрткү беребиз. Азыр ММК фонду менен келишимдик негизде иштеп жаткан 18 жеке менчик борборлор бар. Алар Кыргызстандын бут аймактарында жайгашкан. Азыр бейтаптын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, ага кайсы борбор ыңгайлуу болсо, кызматты ошол жерден алат. Кызматтын жыйынтыгына жараша биз каржыны толук кандуу жүргүзүп берип жатабыз.
-- Бүгүнкү күндө 61 киши кезекте турат экен. Ага “30 миллион сом керек” дейт. Андай каражат табылбаса эмне болот?
-- Ал кезекти саламаттык сактоо министрлиги өздөрү комиссия түрүндө карап, жылдырышат. Бул эми жаңыдан кошулган оорулар болуп атпайбы. Буларга дагы өзүнчө бюджет эсептелеши керек. Эсептегенден кийин каржы министрлигине маалымат берилет. Алар кошумча катары 2020-жылы бюджеттен карап беришет.
-- Демек, чечсе болот турбайбы?
-- Бул дайыма эле чечилип келген маселе. Азыр жеңилирээк чечилип калды. Себеби, өзүңүздөр билесиздер да, депутаттар демилге көтөрүп, өкмөт колдоп, август айында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга жакшы өзгөртүүлөр киргизилди. Анын негизинде кабыл алынган токтомго ылыйык, бүгүнкү күндө гемодиализ мурдагыдай көйгөй болбой калды. Кошумча бейтаптардын саны берилсе, каржы министрлиги тарабынан кошумча каржы дайыма каралат. Ал дагы көйгөйдү жаратпай турган маселе.
"Азия Ньюс" гезити