Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эне тилди, “Манасты” жериген ректор Чыныбаевдин кыянаттыгы

Эне тилди, “Манасты” жериген ректор Чыныбаевдин кыянаттыгы

28-май, 09:00
712 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов эне тил, улуттук нарк, мамлекеттик идеология (!) деп күндүр-түндүр чапкылап, жан тынымын албай иштеп жатат. Ал эми ошол идеологияны түшүнбөгөн, мамлекеттик саясаттан кабары жок, өзүнө ишенип берилген ыйгарым укуктарды менчиги катары пайдаланган жетекчилер четтен чыгат. Айрым университеттердин ректорлорунун ишмердүүлүгү ушуну ырастап отурат. 

Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөбүздүн беш университетине өзгөчө макам берилген, б.а., каржылык, административдик жана окуу стандарттарын өз алдынча иштеп чыгуу жагынан эркиндик алышкан. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев эркиндикти тескери пайдаланып, университеттин окуу планынын базалык бөлүмүндөгү гуманитардык багыттагы предметтерди алып салуудан баштап, мамлекеттик тил, Манас таануу, тарых, философия табигый билимдердин концепциясы сыяктуу предметтерди тап катары жоюп жиберген. Кыргызда акыл токтотпой, жети өлчөп бир кеспей, ойлонбой, жогортон келген буйрукту ашыгы менен аткаруу алешемдигине түшкөн, ала качма кишилерди “бөрк ал десе баш алган” деп коёт. Анын сыңарындай, ректор Мирлан Чыныбаев өзгөчө макамды улуттук нарктарга асылуудан баштаганы – анын маргинал инсан экенинен кабар берип турат. “Акмактан жасоол койсо, өз баласынын көзүн чыгара чабат” болуп, эне тилди, “Манасты” кыскартканын карабайсызбы!

 Мирлан Чыныбаев колунда илим доктору диплому бар, бирок окумуштуулук сапаттан куржалак жаңы муундагы илимпоз сөрөйлөрдүн бири да. Болбосо ал университетте кара жумушчуларды даярдап жаткан жери жок го. Гуманитардык багыттагы дисциплиналар ошол жогорку билимге умтулган адисти өз алдынча ой жүгүртүп, руханий дүйнөсүн байытып, маселелерди чече ала турган, көкүрөгүндө патриоттук сезими бар, гармониялуу инсан катары калыптандыра турган предметтер болгон үчүн билим берүү министрлигинин стандарттарында милдеттүү окутула турган предметтер катары киргизилген. Аны түшүнбөгөн И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев мамлекеттик тилди, “Манасты” билбеген адистерди даярдап, улуттук идеологияга каршы иштеп жатканын деле аңдабайт көрүнөт. “Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген” мындай жетекчиге баа берилеби? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер