Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кырктан ашкан аялдар тууралуу кызыктар

Кырктан ашкан аялдар тууралуу кызыктар

13-сентябрь, 17:22
2 999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым өткөн сайын кырктан ашкан аялдарга деген урматым өсүп келет. Анын себеби көп. Мисалы, кырктан ашкан аял эч качан сени түн жарымында ойготуп, “эмнени ойлоп жатасың?” деп сурабайт. Анын сенин не ойлогонуңа түкүргөнү бар. Эгер кырктан ашкан аялга сени менен бирге отуруп телевизор көрүү кыйын болсо, ал үчүн чачын жулуп, уруш чыгарбайт. Сенин жаныңда убактысын жоготкончо, өзүнө жаккан иш менен алектенет жана көбүнчө ал алектенген иш – сенин телевизоруңан алдаканча пайдалуу, ары кызыктуу болуп чыгат. 

Кырктан ашкан аял өзүн өтө жакшы билет. Өзүнө өтө ишенимдүү. Ким болгусу, не жасагысы келгенин да анык билет. Ким менен не каалаганын да накта билет. Мындай жаштагы аялдардын көпчүлүгүн сенин ал тууралуу, же ал иштеп жаткан иш жөнүндө пикириң кызыктырбайт. Кырктан ашкан аялдар өтө намысчыл. Ресторанда же театрда отурганда сенин мээңди ачып, уруш-талаш чыгарбайт. Албетте, эгер өзүң күнөөлүү болуп турсаң, ал жазаланбаганына анык көзү жетсе, эч ким көрбөгөн жерде сени керек болсо атып да кете алат. Кырктан ашкан аялдар мактоо сөзгө жоомарт келет. Көбүнчө ылайыксыз мактай берет. Себеби, алар жакшылыкты кадырлабоонун не экенин жакшы билет. 

Кырктан ашкан аялдар сени курбулары менен тез тааныштырат. Анткени, өзүнө ишенимдүү. Жаш кыздар шеригин курбуларына тааныштырууга шашылбайт. Себеби, шеригине ишеним болбойт. 

Кырктан ашкан аялга сен анын курбуларын сулуу деп мактасаң да баары бир. Ал өз курбулары аны эч качан сатып кетпегенин жакшы билет. 

Кырктан ашкан аялдардын сезгичтиги өткүр. Анын алдында шылтоо айтып чеченсинүүнүн кажети жок. Алар ансыз да сен тууралуу баарын билет. Кырктан ашкан аялдарга кыпкызыл помада керемет жарашат. Көзүнүн айланасындагы бирин-серин түшкөн бырышын байкабоого тырышасың, кырктан ашкан аялдардын жаш кыздарга караганда алдаканча чырайлуу, тартымдуу, өзүңдү байкатпай ээлеп ала турган бир кудурети болот. 

Кырктан ашкан аялдар дайым ачык, анан жалган сүйлөбөйт. Эгер сен акмак болсоң, өзүңдү мал сыяктуу кармасаң, аныңды бетиңе эле айтат. Ал сен тууралуу не ойлоп калды экен?” деп эч качан кыйналбайсың. Ошондуктан кырктан ашкан аялдарды урматтоонун себеби көп...

Которгон: Б.Дүйшөбаева
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер