Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам Юсупов: “Баткенде чек ара маселеси курч бойдон калууда”

Рустам Юсупов: “Баткенде чек ара маселеси курч бойдон калууда”

18-сентябрь, 11:35
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда эл шайлоого алаксып, чек ара маселеси унутулгансып турат. Бирок, курч көйгөйлөр бар. Баткенди аралап, жүрөк ооруткан кайсы көйгөйлөргө күбө болдуң?

-- Баткен элинин башына түйшүк түшкөндө, эки эл нааразычылыктарын айтып чыкканда, биздин көптөгөн чиновниктерибиз бир үйдө кешик жеп отурушкан. Алардын арасында азыркы партиянын лидерлеринен да бар эле. Баткендиктер өз көкүрөгү менен чек араны тосуп турган опурталдуу маал болчу. Ал окуялар унутулган жок. Алар шайлоого кайдыгер мамилесин жасап жатышат. Себеп дегенде, баягы эле кишилер ар кандай партиялар аркылуу бийликке келүүнү көздөп, аракеттери күч. Муну баткендиктер жакшы билишет. 

Чек ара маселеси бүгүнкү күндө чындыгында курч абалда. Кичинекей эле бир окуя болуп кетсе, кайра эле жаңжалга алып келиши мүмкүн. Эки эл тең шайлоо менен алек болууда. Чек ара маселеси унутулгансып турат. Бирок, шайлоодон кийин ар кандай иштер күтүлүшү ыктымал. Эл менен сүйлөшкөндө кээ бир адамдар “жетекчисине жагуу үчүн кол коюп, биздин жерлерди берди, ошол эле адамдар кайра шайлоого келе жатышат” деп нааразы. Алар жетекчисине жагынбай, элдин таламын талашканда, бүгүнкү күндө Баткен аймагы аларды колдоп бермек. 

-- Чек аранын айланасында жашаган элдин жашоосу кандай?

-- Чындыгында чек араны тосуш керек. Акүйдүн тегерегин, сотторду тосуп турган тосмолордун баарын кесип келип, чек араны бекемдейли. Акүй, соттор элге жакын болушу шарт. Чек араны коргоп алышыбыз зарыл. Коңшу өлкө менен товар жүгүртүү жагынан мыйзамдуу мамилебиз болсо, анда эч кандай жаңжал болбойт. Экономика көтөрүлөт. Элибиз тынч жашайт. Айтмакчы, өзүнүн жеринде тынч болбой, көчүп кеткендер да бар. Социалдык маселелер бүгүнкү күнгө чейин чечилген эмес. Негизи чек арага өзгөчө көңүл буруу милдет. Баткен – бул экономиканын, ынтымактын башаты. Баткен – бул интеграциянын борбору. Айрым партиялар “Кыргызстан – Орто Азиянын жүрөгү” деп жатышат. Ошол Орто Азиянын жүрөгү Баткенден башталат.

-- Түштүктө кургатылган жемиштер өтө арзан болуп, эл мээнети акталбаптыр. Эми кандай болот?

-- Азыркы учурда баткендиктер мөмө жемиштерин жыйнап, ошону менен алек болушууда. Бирок, алардын жыйнаган жыйым-терими менен эч кимдин иши жок. Чиновниктердин баары шайлоо менен алек. Чек аралар жабык болгондуктан, мөмө жемишке болгон баа түшүп кеткен. Учурда элге барып, алардын жашоосун сураган аткаминер жок. Чиновниктерби, партиялардын өкүлдөрү болобу, өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын алдыга сүрөп жатышат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер