Акыркы кабарлар
» Коом » Мирбек Асангариев: “Мен мэр болсом, төрт акимчиликти тең жоюп салмакмын”
Мирбек Асангариев: “Мен мэр болсом, төрт акимчиликти тең жоюп салмакмын”
10-февраль, 20:09


Ишкер Мирбек Асангариев мэр болсо кандай иштерди алып бармак экенин жазып чыкты. Мындай жаштар көзгө көрүнүп, кызматка алынбаганы өкүнүчтүү.
“Эгер мен Бишкек шаарынын мэри болуп калсам, анда төрт акимчиликти тең жоюп, жыл сайын жүздөгөн миллион сом үнөмдөп турмакмын. Ал эми акимиаттардын биринин имараты жогорку технологиялар паркына, экинчиси IT академиясына өткөрүлүп берилмек. Бул шаардын жаңы экономиканы жана заманбап квалификацияга ээ жаңы муунду түзүүгө кошкон салымы болмок. Ал эми калган экөөнү ачык тендер аркылуу сатуу кажет”.











