Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ың-жыңсыз кеткен экс-министр Бекмурзаев ак кийип, молдо түспөлүндө чыга келди

Ың-жыңсыз кеткен экс-министр Бекмурзаев ак кийип, молдо түспөлүндө чыга келди

25-август, 23:31
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика министри кезинде  мүдүрүлгөн. Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга айыпталып, кызматынан кеткен эле. Мамлекетке келтирген чыгашаларынын канчасын кайрыганы, же “кусканы” белгисиз. Козголгон кылмыш иштери жабылдыбы, же дагы эле сүйрөлүп жүрөбү, айтор, бул жагынан маалымат жок. Коомчулук астынан ың-жыңсыз кеткен экс-министр кечээ молдо түспөлүн жамынып, ак кийип чыкты. Ал Жусуп Баласагын атындагы дин агартуу ордосуна келип, руханий азык алып, бул жердеги өспүрүмдөргө жардам бере турганын баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Доскул Бекмурзаев жашып, ички дүйнөсүнүн тазаланып атканынан ыйлап да жиберди. Азамат экен! Ошондо өткөн чактагы күнөөлөрү, жеген-ичкени кечирилеби? Эми коррупцияга айыпталган чиновниктер түрмөгө отурбай эле диний уюмдарга демөөрчү болушуп, молдолукка баш урушабы? Кыргызстан кызык эле өлкө да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер