Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Пошлина азайса тери иштетилип, сыртка сатыла баштамак”

Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Пошлина азайса тери иштетилип, сыртка сатыла баштамак”

08-февраль, 19:31
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алишер мырза, бүгүн ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда сиз Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү көйгөй тууралуу айттыңыз. Кеп жер талаш жөнүндө болуп жатабы?

-2006-жылы 15-августта Баш-Булак айыл өкмөтү токтом чыгарып, Түштүк геологиялык базасынын жылкыларын жайганга 413 гектар жер бөлүп берет. Анын 113 гектары чөп чабынды, 300 гектары жайыт жер. Азыр эми ал жерлерди бир ууч эле кишилер иштетүүдө. Мурда геологдордун жылкылары бар эле, азыр эчтекеси жок. Ошол эле учурда жергиликтүү эл жер таппай убара. Ошондуктан, ал жерлер айыл өкмөтүнүн балансына кайра өткөрүлүп берилсе жакшы болот эле. Жергиликтүү эл бул маселени кайра-кайра коюп атып чарчашты. Айла жок бизге кайрылып жатышат.

-Терини иштетүү боюнча да айткандай болдуңуз...

-Азыр айылдарга барсаңыз, эч ким тери албайт. Себеби, пошлина коюп койгон, иштеткенде өзүн-өзү актабайт. Эгер 200 евролук пошлинаны 50 еврого түшүрө турган болсо, терилер иштетилип, сыртка сатыла баштамак. Элге да жакшы болмок, бюджетке акча түшмөк. Таштандылар тазаланып, оору-сыркоо да азаймак. Азыр эми канча тери талаага ташталууда. Иттер сүйрөп жүрүшөт мындайча айтканда...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер