Акыркы кабарлар
» Саясат » Кожобек Рыспаев: “Депутаттыкка аттанбайм, мен чарчадым, эми эс алам”
Кожобек Рыспаев: “Депутаттыкка аттанбайм, мен чарчадым, эми эс алам”
10-сентябрь, 05:48
1 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Буга чейин Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Кожобек Рыспаев 2020-жылдагы шайлоодо өзүнүн талапкерлигин койбой тургандыгы маалым болгон. Кабарлар.kg маалымат агенттиги Рыспаевдин кандай себептер менен шайлоого барбай турганын билүү үчүн өзүнө кайрылганда төмөндөгүлөргө токтолгон.
“Мен буга чейин элиме кызмат кылдым, кандай иштегениме эл тараза, бааны элим берет. Депутаттык мезгилде мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим. Азыркы тапта мен ден соолугума жана үй-бүлөмө кам көрүп, депутаттыкка аттанбайм деп чечтим. Мен чарчадым, эми эс алам. Мындан кийин чыгармачылык, ишкерлик менен алектенем. Элге кызмат кылуу үчүн сөзсүз депутат болуунун кажети жок” деп билдирди эл өкүлү.
"Азия Ньюс" гезити