Райондук гезит-журналдар жоюлуп, журналисттер кыскарды


Аймактардагы ЖМКларды реформалоонун алкагында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлду.
Юстиция министрлиги ЖМКлардын ишмердүүлүгүн токтотуп, жаңы медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Облустарда иштеген 600 кызматкердин 110ну кыскартылып, калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйдү. Учурда жети облуста медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага облустук телеканал менен облустук гезиттер бириктирилет. Жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлордун бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт. Аны жасалгалоо жана иштеп чыгуу боюнча тендер жарыяланды.
Мындан сырткары январь айынан тартып медиа борбордун ар бир кызматкерлери жаңыча иштөө усулу боюнча окутулуп, маалыматтарды таратууда телеканал, гезит, сайт багытындагы иштей башташат. Ар бир райондо экиден кабарчы болот. Медиа борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлүүдө.
Aryba.kg











