Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иммунолог күзүндө эң керектүү витаминдерди атады

Иммунолог күзүндө эң керектүү витаминдерди атады

16-сентябрь, 19:52
964 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бета-каротин организмди сезондук оорулардан сактоодо эң маанилүү ролду ойнойт. Андыктан күзүндө, оорулар күчөгөн маалда курамында бета-каротин бар азыктарды колдонуу керек. Бул туралуу Россиянын RT-каналында иммунолог Марина Аплетаева айтты.

«Күз мезгилинде кызгылт-сары, кызыл, сары түстөгү азыктарды колдонушуңуз керек. Сары-саргыч жашылчалар, жемиштерден шабдалы, сары өрүк, ашкабак, сабиз, коон. Бул азыктар А витамининин башталышы болгон бета-каротинге бай» деди ал.

Аплетаева түшүндүргөндөй, А  жогорку дем алуу жолдорунун былжырлуу челин вирустардын жана бактериялардын киришинен коргой турган негизги витамин. Бирок көп колдонулганда, ал уулуу болушу мүмкүн. Иммунолог бета-каротинди боордо сактоого, керек болсо А витаминине айландырууга боло тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, анын айтымында, күз мезгилиндеги организм үчүн дагы бир маанилүү элемент  бул С витамини. Анын жардамы менен клеткалык иммунитет жакшырып, дене клеткаларынын өздөрүн коргоо функциясы жогорулайт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер