Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Өмүрбекова «Аида Исмаилова амбициясын жыйыштырып, иш кылса болмок»

Алтынай Өмүрбекова «Аида Исмаилова амбициясын жыйыштырып, иш кылса болмок»

19-июль, 00:02
1 630 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова учурунда республикалык штаб тарабынан башталган кадамдар туура болгонун, анткен менен өкмөттүн ар бир мүчөсү жасаган иши үчүн жоопкер экенин эскертет.

-- Саламатсызбы Алтынай Сейитбековна! Өлкөдөгү абалдын курчуп кеткени көпчүлүктү кайгыга салды. Эмне себептен өкмөт, республикалык штаб мунун алдын алган жок? 

-- Жугуштуу оорунун алдын алуу чаралары тээ январь айында эле башталып, республикалык штаб түзгөнбүз. Мен өкмөттүн курамында иштеп турганда негизги милдетибиз – Ухань шаарындагы вирустун өлкөгө кирип кетишине бөгөт коюу болгон. Ал үчүн баардык аракеттерди көрдүк. Кытай менен чек аралар жабылды, ал жакта калып калган жүк ташуучу унааларды Торугарт–Эркечтам аркылуу өткөрүү маселесин чечип, дезинфекция иштерин аткардык, баардык өткөрмө посттордо санитардык көзөмөлдү күчөттүк. Аба каттамдарына тыюу салынды. Ушуга окшогон алгоритмдерди иштеп чыкканбыз. Мындан тышкары, штабда күн сайын жыйын өткөрүп, дары-дармектерди ашыгы менен сатып алууну, каржы министрине ММКФ (ФОМС) менен саламаттык сактоо министрлигине карала турган акчаны убагында берүүнү тапшырганбыз. Ооруканаларды, жаткыруучу палаталарды чоттоп, белгиленген ооруканаларда коргоочу костюмдарды даярдоо милдеттендирилген. Дары-дармек боюнча фармкомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Мен ойлойм, учурунда биздин багыт, тапшырмалар туура жол менен кеткен. Ал эми учурдагы кырдаал боюнча азыр иштеп жаткандар кези келгенде түшүндүрмө берсе керек.  

-- Сиз иштеп турганда оорунун күчөп кетүү мүмкүндүгү, азыркыдай абал жаралып калуу ыктымалдыгы боюнча прогноздор болду беле? 

-- Албетте, ар кандай прогноздор айтылган. Баарына даяр болушубуз керектиги биринчи күндөн тартып белгиленген. Мындай ооруну бүт дүйнө жүзү, биз дагы мурда-кийин башыбыздан өткөргөн эмеспиз. Адамзатка тааныш эмес вирус менен күрөшүү оор. Айрым изилдөөлөрдө «илдет жылуулуктан өлөт» деген бүтүмдөр көрсөтүлсө, кээ биринде «вирус мутация болуп, кубулат» деген түрдүү пикирлер айтылды. Бул вирусту жеңүү үчүн аны менен күрөшүү тактикасын күндө өзгөртүп туруш керек экен. Азыр бир муштумга биригип, эксперттердин үнүн уга турган убакыт келди. «Сеники-меники» деп бөлүнбөй, консалидация кылып, кимдин тажрыйбасы бар болсо, аларды кызматташууга чакырыш керек. Мындан тышкары, убактылуу колдонула тургандай толук кандуу госпиталдарды салуу – учурдун талабы. Күндүзгү стационарлар, албетте, жакшы, бирок бизге госпиталь зарыл. Күзүндө абал кандай болору белгисиз, ошондуктан, даярдык дагы деле катуу болушу шарт. Илдетти жеңгенден кийин ар бир киши, алардын ичинде мен дагы, азыркы иштеп жаткандар да өзүбүздүн жасаган жумуштарыбыз үчүн жооп беришибиз керек. 

-- Өкмөт эмнеге донорлордон келген каражаттардын ачыктыгын камсыз кыла алган жок? 

-- Бул алдын ала чечилген маселе болчу. Коомчулуктун эртең эле «акча каякка кетти?» деп сурарын билип, донорлордон, ыктыярчылардан, меценаттардан, жеке ишкерлерден келген жардамдар ачык болушун туура көрүп, электрондук платформа түзгөнбүз. Ал жерге республикадагы баардык ооруканалар өздөрүнүн муктаждыктарын көрсөтүшмөк. Электрондук платформага катардагы жарандар да кирип, керектүү маалыматтарды ала алмак. Бирок, даяр сайт үч айдан бери иштебей турат. Тийешелүү тармактарга үч-төрт ирет телефон чалдым, «продукцияны ишке киргизгиле» дедим. Бирок, менин ордума келген вице-премьер-министр Аида Исмаиловадан «аны иштетпегиле» деген буйрук келген экен. Бул абдан маанилүү болчу, бүгүнкү күнү амбицияларды артка калтырып, баардык жакшы, пайдасы тийе турган нерселерди колдоно билишибиз зарыл. Эми болсо коомчулук каражаттын жумшалышы боюнча отчет сурап жатат...


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер