“Башкарма мэр” Бишкекти колхоз кылабы?
“Чүйлүк” деген аттын жардамы тийип, бир эсе “башкы куданын” досу болгону үчүн Бакыт Кудайбергенов кайып каскагынан Бишкекке мэр катары дайындалып калды. Мурда Чүй облусунун губернатору болуп иштей албай кызматынан кеткен. Эми 1 миллиондон ашык калкы бар шаардыктардын экономикалык, социалдык, коопсуздук жагын кантип камсыздайт? Бир колхоздун башкармасындай жүрүш менен алдыга жыла албайт го? Бийликтин рейтинги Бишкекте начар экенин айтпасак да белгилүү. Мындай шартта эскиче көз карашта иштеген, демилгесиз, идея чыкпаган, эптеп күн өткөргөн Бакыт Кудайбергенов көпкө деле узабайбы? Учурда күйүп аткан маселе көп, анүчүн күнү-түнү тынбай эмгек кылуу керек. Мэрибиз оонай басып, бир көчөнү кыдырып, тынбай эле сүрөткө түшкөнчө күн батып, олуттуу маселелер чечилбей калып атса кантебиз? Же кыйраткан командасы жок. Кыскасы, Бишкек мэриясы кейиштүү абалда. Жаңы бийликке карай элдин ишеними кете берсе, аягын элестетип атасыңарбы?
"Азия Ньюс" гезити