Токторбаев Сулайман-Тоого көз артуу менен мамлекеттин имиджине доо кетирбейби?


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин Сулайман-Тоонун айланасын муниципалитеттин карамагына өткөрүү сунушун айтып, өз ара өкүмзордук кылып атканы коомчулукта сынга алынган эле. Ал эми маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги аталган аймакты ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый эстелик экенин белгилеп, төмөнкүчө кайрылуу жасаган:
«Сулайман-Тоо беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Байыркы булактарда «Бара-Кух», «Сулайман-Так» деп да аталган бул жер пайгамбар Сулайман менен байланыштырылып, Борбор Азиядагы «Экинчи Мекке» катары белгилүү. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан. Сулайман-Тоо кыргыз элинин эстутуму, түпкү тамыры. Аны коргоо – тарыхты сактоо».
Эске салсак, жакында эле Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоонун этегиндеги көрүстөндү рекультивациялап, анын ордуна бак-дарактарды, сейилдөө үчүн жашыл аймакты түзүүнү айтып, тоонун бул бөлүгүн мэрияга өткөрүп берүүнү сунуштаган.
Өкүнүчтүүсү, буга чейин тарыхый мурастардын тизмесине кирген имараттарды бузуу демилгелери көтөрүлүп, улуттук уңгу баалуулуктарыбыздан ажыроо багытында сын-пикирлер айтылып келген эмеспи. Эми ЮНЕСКОнун дүйнөлүк эстеликтеринин катарындагы Сулайман-Тоо мэриянын карамагына өтсө, анда эл аралык келишимдер кантет? Туристтердин келишине бөгөт коюлабы? Кыргызстандын сырткы имиджине доо кетпейби? Кыскасы, соболдор арбын. Акыл-эстүү адамдар үн салып коюшса...
"Азия Ньюс" гезити











