Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жоо аяган жаралуу” дегендей, Мадумаров акыры башка муш болуп тийеби?

“Жоо аяган жаралуу” дегендей, Мадумаров акыры башка муш болуп тийеби?

18-февраль, 09:09
749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун жоопкерчилигин кароо үчүн парламентке кайрылган. Атайын комиссия түзүү менен депутаттык кол тийбестигин алууга уруксат берүү машакаты турат. Айрым эл өкүлдөрү коомчулук астында пиар жасашып, “чырылдамыш” этти. Алар да “учётко” коюлуп атыптыр. 

Мындай жагдайда Мадумаровдун чыйпыйы чыгып, бирок сыр билгизбей, аныгында, камалып кетүүдөн коркуп, өзгөчө түндүк катмардан таяныч издегени байкалды. Түрмөдөгү Алмазбек Атамбаевге үзөңгүлөшү Исхак Масалиевди жөнөтүп, Чүйдүн балдарынан кабар алганы, ортодон Темир Сариевдин түлөөсүнө жетип барганы, айтор, арканды алыс таштаганга аракетин баштаптыр. Жогорку Кеңештен “тегерек үстөл” уюштуруп, ал жерге оппозиция өкүлдөрүн, жарандык коомдун долу аялдарын топтоп, өзү төрдө отуруу менен “коштошуу кечесин” жасагандай... 

Көмүскөдөн Мадумаров тарапташтарын радикалдаштырууга үндөп, бийликтин кадамына жараша жооп кайтаруу вазыйпасына токтолушканы кандай? Камалып кетсе төңкөрүш жасашабы? Бул жагынан катуу иштеп жатышса, аягы эмне менен бүтөт? 

Кыскасы, Адахан Мадумаров бийликтен куугунтук жеп аткан адамдай көрүнүп, пиарды күчөтүп, оппозициянын көч башындагы лидер катары өзүн сыпаттап, алдыга умтулууда. Түпкүлүгүндө бийликти саясый өңүттөн утуп алууга баратат. Ошол эле кезде президент Садыр Жапаровду жапатырмак каралоого алышканы жашыруун эмес. Тийешелүү аткаруу органдары бул жагынан аксашып, утулуу кезеңине кабылгандай. “Жоо аяган жаралуу” дегендей, Мадумаровду эркелетүү менен жалтактай беришсе, акыры башка муш болуп тийбейби? Камакка алынбаса каарып жеп, жазда, анан күздө калайманды салбайбы? Айтор, жакшы эмес. Бийлик ашкере “гумандуулук” кылууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер