Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ахматбек Келдибековду каралай бербей, анын тажрыйбасын өлкөбүз үчүн пайдаланалы

Ахматбек Келдибековду каралай бербей, анын тажрыйбасын өлкөбүз үчүн пайдаланалы

12-апрель, 17:25
4 413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Убагында Ахматбек Келдибеков Оштон 26 сотых жер сатып алып, аны кайра бирөөгө пулдаптыр. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Бирок Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев чымындай нерсени төөгө айланткандай эле шөкөттөп, көбүртүп-жабыртып, президентке даттанганы акылга сыябы? Акыры чындык чыгат да, Ахматбек Келдибековдун эч кандай күнөөсү жок экени тастыкталды. 

     Натыйжада, экс-спикерди жөн салды эле каралай бербей, ага урмат кылып, тажрыйбасын алсак жарашпайбы? Кыйын финансист, дасыккан экономист, аткаруу кызматында ишбилги жетекчи, образдуу айтканда, караңгыдан көз тапкандай жарык чача билери талашсыз. Учурда кадр саясаты аксап турганда, Ахматбек Келдибековду жогорку кызматка дайындаса, өлкөбүзгө пайдасы тийип, өсүп-өнүгүүгө салым кошмок. Ага азыр байлык кызык эмес, мамлекеттик ишмер катары өзүнүн атын жогорку деңгээлде көрсөтүп, тарыхта калуу маанилүү. Андыктан, Ахматбек мырзага ишеним артууга мезгил келди. Ал эртеби-кечпи элибизге кызмат кылары шексиз. Болгону убакыттын ыңгайы чыкпай атат...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер