Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльвира Сурабалдиева: “Мен бул шайлоого катышуудан баш тарттым”

Эльвира Сурабалдиева: “Мен бул шайлоого катышуудан баш тарттым”

15-октябрь, 11:48
2 420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы парламентте айымдардын орду кандай болот? Өткөн жылкы  шайлоого нааразылык билдирген активдүү кыздардан сиз болдуңуз? Бул жылы кайталанбайбы?

-- Мен 28-ноябрда боло турган шайлоого катышпайм. Жеке чечим кабыл алгам. Аны социалдык тармактарга азыноолак жарыяладым. Себептери 120 депутаттан 90го чейин кыскарып, парламентте болжолдуу эмес санап келгенде 13, максимум 15 айымдай келе алат экен. Бул абдан чектелген сан. Айымдардын саны аз болгондуктан жаңы жүздөр келсе болмок. Аларга деле келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Азыркы система боюнча партиялык, бир мандаттуу дагы система иштейт. Эл азыр округдардан чыккан бир мандаттуу кандидатты да, партиянын ичинен да тизмени карап, талапкердин ордуна карабастан өзүнө жаккан, тааныган же билген, баалаган адамдарына добуш берип, ачык-айкын шайлоо өтөт. Эл ошол шайлоо күнү зерикпей “менин добушумдан көп нерсе чечилет” деп барса, округдардан, партиялардын ичинен дагы татыктуу адамдарды алып келсе болот. Буга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 

Кайдыгер болбой, шайлоо боло турган күнү – 28-ноябрда 5 жылда бир жолу  келе турган бийликти тандап алуу процесси келип жатат. Бул мүмкүнчүлүктү жарандарыбыз өзү чечет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер