Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов, экс-министр: «Керегем сага айтам, келиним сен ук»

Мамбетжунус Абылов, экс-министр: «Керегем сага айтам, келиним сен ук»

05-апрель, 18:52
1 484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2005-жылкы март революциясынын алдыңкы катардагы катышуучусу, өлкөбүздүн курулуш тармагынын экс-жетекчиси, экс-министр ӨКМ, экс-төрага БШК, Малайзиядагы, Түркиядагы Кыргызстдын экс-элчиси, Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылынын координатору Мамбетжунус Абылов менен маек.

-- Мабетжунус ага, Кемпир-Абад маселеси боюнча үй камагына чыккандан бери сиз “сот бүтсүн” деп бизге маек бербей жүрөсүз. Сотуңуз жабык эшикте өтүп жатканына байланыштуу сизди туура түшүнөбүз. Бирок, бүгүн март бүтүп, апрель айы башталды. 2005-жылы мартта өткөн төңкөрүштөрдүн ичинде кайнаган инсан катары, ошол төңкөрүштөр тууралуу пикириңизди элге жеткирсек деп келдим эле. Ушул эки төңкөрүштүн жаралышына эмнелер себеп болгон?   

-- Советтер Союзу ыдырай баштаганда, 1991-жылы 31-августта биздин парламент өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жарыялап, декларация кабыл алган. Ошонун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунуна мүчө болдук. Ар бир көз карандысыз деген макамы бар өлкөлөрдүн туу туткан саясый платформалары бар. Өнүккөн Батыш өлкөлөрдүн саясый платформаларынын өзөгүн улут, дин эмес, адам укугу, демократия, сөз эркиндиги түзөт. Себеби, ал өлкөлөрдө ар кандай улут, ар кандай дин өкүлдөрү биргеликте жашашат. Ошондуктан алардын Конституциясында улуттун же диндин укугу эмес, граждандык укук гана корголот. Себеби, ар бир өлкө өз улутун, өз динин коргоого өтсө, ал өлкөдө жашаган башка улуттун, башка конфессиялардын өкүлдөрү тең укукка ээ болбой, адам укугу бузулат. Биз да ошондуктан Конституциябызга демократия, граждандык укук корголот деп киргизгенбиз.

Ошол жылдары президент Аскар Акаев демократияга ыктагандыктан, эл аралык чөйрөдө биздин өлкө Борбор Азиядагы демократия аралчасы деп атала баштаган. Бирок «дьявол кроется в деталях» деп орустар бекер айтпаптыр. Демократ деп таанылган Акаев, тилекке каршы, демократиянын үч түркүгүнүн бирин да өлкөдө туруктуу тургуза алган жок. Демократиянын биринчи түркүгү – мыйзамга баш ийүү, өлкөдө мыйзамга жат үй-бүлөлүк башкаруу өнүккөндө урады. Демократиянын экинчи түркүкүгү – бийликти элдин шайлоосу менен аныктоо, шайлоо добуш сатып алуу болуп калганда урады. Мыйзамга жат үй-бүлөлүк башкарууну, добуш сатып алууну жашыруу үчүн сөз эркиндигине бөгөт коюлуп, демократиянын үчүнчү түркүгү урады. 

-- Эмне үчүн? 

-- Эл туу тута баштаган демократия өлкөдө саясый атаандаштыкты, бийлик үчүн күрөштү курчута баштаганда, бийликти колдон чыгарбоо кеселине Акаев кабылып, мыйзамга жат үй-бүлөлүк башкарууну өлкөгө таңуулагандыктан, 2005-жылы 24-мартта эл бийликке каршы көтөрүлүп, Акакев Москвага качты. Ушундай эле окуя 2010-жылы кайра кайталанып, 7-апрелде президент Курманбек Бакиев Минскиге качты. Ошол эки революция тең үй-бүлөлүк башкаруунун кесепетинен келип чыккандыктан, апрель революциясын март революциясынын уландысы деп эле баалоого болот. 

Эл ошондо демократияны коргоп бийликке каршы көтөрүлсө, бүгүн улутту, динди коргойлу, Россияга кошулалы деген сөздөр айтылууда. Учурунда акын агабыз Байдылда Сарногоев «улутчул дешет билбеген, улутун кимдер сүйбөгөн...» деп туура айткан экен. Улутубуздун кызыкчылыгын бүгүн улутчулдар эле эмес демократтар да, исламчылар да коргоп жатышат. Мисалы, ислам кыргыз динине айланып калгандыктан, исламчылар арабдарды коргош үчүн эмес, кыргыз динин, салтын жандандыруу үчүн исламга бурулалы дешүүдө. Бүгүнкү замандын шартына ылайыктуу демократияны элибиздин жашоо маданиятына айланталы деп биз жүрөбүз. Орусташуудан кыргыз тилине, динине доо кетерин совет доорунда биз көрүп калгандыктан, Россияга кошулалы деп элибизди үндөп жаткан киргиздерден этият болушубуз керек. Себеби, бул идеянын артында ички эмес, сырткы күчтөр турушу мүмкүн.

Ошондуктан демократтар, улутчулдар, динчилер деп бөлүнбөстөн, бирдикте демократияны колдошубуз керек. Себеби, демократия мыйзамдуулукту сактоого, адам укугун, сөз эркиндигин коргоого бийликти мажбурлап, өлкөнү өнүктүрөт. Ошондуктан Англиянын атактуу саясатчысы жана эки жолку премьер-министири У.Черчилль «Демократия – плохая форма правления, однако, ничего лучшего человечество еще не придумало» деп бекеринен айткан эмес. 

-- Үй-бүлөлүк башкарууну жойсо болот беле?

-- Болмок. Ошону көздөп, 2010-жылы Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизип, өлкөбүз парламенттик башкарууга өткөн. Себеби, президенттик башкаруу демократияга эле бут тоспостон, милдети чачынан көп өкмөттүн башкаруу укугун да чектеп, ага өз милдетин натыйжалуу аткарууга жолтоо болуп жатканын Убактылуу өкмөт түшүнгөн. Бирок, бул реформа демократияны өрчүтпөй эле өлкөбүздү бийлик бөлүштүрүүгө белчесинен батырып, борбордук, аймактык бийликтер, депутаттык мандатка ээ болгон ар кандай кландардын колуна тийип, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулган элибиз кайра кландык башкаруунун сазына батты. Себеби, Убактылуу өкмөт киргизген парламенттик башкарууда президентти жалпы эл шайлагандыктан, өкмөттү башкарууда президенттин бийлик үстөмдүгү өзгөрбөй, өкмөтүбүз президентке да, парламентке да көз каранды органга айланып, таптакыр натыйжалуу иштей албай калды. 

-- Мындан арыла турган жолдор барбы?

-- Бар. Демократияны туу туткан өлкөлөрдө мындайга жол бербес үчүн өлкө башчынын бийлик үстөмдүгү дайыма өкмөттүкүнөн төмөн. Мисалы,1923-жылдан 2014-жылга чейин Түркияда президентти парламент гана шайлаган. Малайзияда өлкө башчы деген макамга ээ королду да эл шайлабай, бүгүнкү күнгө чейин 9 штаттын султандары анын миссиясын бири-бири менен кезектешип аткарышат. Англияда деле өлкө башчы деген макам бир үй-бүлөнүн улуу муунуна эле таандык. Америкада деле президенти кол койгон чечим конгресс, сенаттын макулдугу жок юридикалык күчкө ээ болбойт. Анын кол койгон указы мыйзамга каршы келсе, сот жокко чыгарып салат. Президент ага баш ийбесе, жазаланат. Ушунун баары аталган өлкөлөрдө демократияны элдин жашоо маданиятына айлантууга өбөлгө болуп жаткандыктан, биз да ушундай жолдордун бирин тандап алсак болмок. Себеби үй-бүлөлүк же кландык башкаруу бизде демократиянын өнүгүшүнө эле жолтоо болбостон, бийликти өзүм билемдикке да түртүп жаткандыктан, өлкөбүздө бийликтин коррупциясы, саясый куугунтугу, зордук-зомбулугу токтобой эле күчөп жатат. Акаев доорунда ошондуктан оппозиционер Топчубек Тургуналиев, журналист Замира Сыдыкова, мамлекеттик ишмер Феликс Кулов, дагы башкалар саясый куугунтукка дуушар болуп камалышкан. Үзөңгү-Куушту коргогон депутат Азимбек Бекназаров камакка алынып, анын алты жактоочусун бийлик Боспиекте атып өлтүрүп, анын дагы бир жактоочусу Шерали Назаркулов Бишкекте ачкалык жарыялоодон көз жумган. Бакиев доорунда минтип куугунтукталгандардын, камалгандардын, өлтүрүлгөндөрдүн саны мындан да арбыган.  

-- А бүгүнчү?

-- Бүгүнкү бийликтин доорунда менин башым камактан, соттон чыкпай жатканын көрүп турасыз. Мындай кырдаалда булар туралуу менин айткандарым сиздин окурмандарга жеке нааразычылык сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деген эле жооп менен чектелсем болот окшойт.


Сурат Жылкычиев 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер