Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөттү “өкчөй” албай аткан Касымалиев футболду кыйратабы?

Өкмөттү “өкчөй” албай аткан Касымалиев футболду кыйратабы?

12-май, 16:56
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жасалма көрүнүш, жалган пиардан качан арылабыз? “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген ишараны эсибизге түйсөк болмок. Тилекке каршы...

     Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Шайлоо 12-майда биримдиктин кезексиз конгрессинде өтүп, Касымалиев президенттик кызматка жалгыз талапкер болду.

     Мындан тышкары Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.

     Кыргыз футбол биримдигин президент жетектейт жана аткаруу комитетинде беш вице-президент жана он эки мүчөсү болот. Ералханов мурда биримдиктин вице-президенти болгон.

     Акылбек Маматов “Ред Петролеум” мунай компаниясынын жетекчиси, ал быйыл 13-апрелде кармалып, кийин тил кат менен абактан бошотулган.

     Өкмөттүн ишин “өкчөй” албай аткан Касымалиевге артыкбаш милдет артпай эле жайына коюшса болмок. “Аты улук, супарасы курук” дегендей кылбай...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер