Азамат Токтоналиев чындыгында Наполеон Бонапарттай эле катуу иштеп койду


Өздүк курамдагылар ойлошуптур... Эгемендүүлүк майрамына карата полковник Азамат Токтоналиевдин генерал-майор чин-даражасын алары боюнча, тилекке каршы, берилбей калды. Эми качан? Милиция күнүнө карата ыйгарылабы? Калдайган калың көпчүлүк күтүп атса...
Эң башкысы, Бишкек ШИИББ начальниги Азамат Токтоналиевдин ишмердиги жогорку деңгээлде бааланууда. Коомдук-коопсуздук абалды ыраттуу жолго салып алган. Тартип, көзөмөл күчүндө. Шаарга видео байкоолорду коюу менен санариптештирүүгө акыркы мезгилдерде жетишип жатабыз. Ооба, Азамат Токтоналиев Бишкек шаарынын башкы милициясы катары үч жылдан ашык убакыттан бери эмгектенүүдө. Бир да жетекчи мынчалык узакка дейре иштебептир. Бул эмнени билдирет? Албетте, каарманыбыздын профессионалдуулугу, туруктуулугу жана ишине карата ак эткенден так эткен аракети, кызылдай эмгеги! Ден соолугу кетсе да, кыйналса дагы жумушун алдыга сүрөп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымын кошуп келет.
Көчмөндөр оюну, ШОСко карата коопсуздук иш-чаралар жакшы деңгээлде өттү. Туристтерге, саякатчыларга карата да милициянын мамилеси өзгөргөн – сый-урмат менен карашат!
Азыр көп эле генералдар иштемиш этип жүрүшөт. Алардын аты-жөндөрүн, эмне иш жасашканын, кандай ийгиликтерди жаратканын эстей албайбыз. Бирок чоң жылдыз тагынышып, жылуу кабинеттерде отурушат. Кээде алагүү болушуп... Бул адилеттүүлүк эмес да, туурабы? Ооба, тек гана мисал иретинде эске алып коёлу...
Ал эми Азамат Токтоналиевди акыйкаттуу салыштырсак, Наполеон Бонапарттай эле саргара жортуп, кызара бөртүп, катуу иштеп койду да. Жалпысынан милициянын кадыр-баркын, дээрлик деңгээлин көтөрүп салды. “Факт деген өжөр нерсе” деп Ленин бекер айткан эмес...











