Эмил Жамгырчиев атайын кызматтын “агентиби”?
Америкада башкалкалап жүргөн активист Тилекмат Күрөңов Дубайга келип, Эмил Жамгырчиев менен жолукканын, мейманканада жатышканын, анан паспортун уурдатып жибергенин айтып чыкты. Өздүгүн тастыктоочу документи жок болгондон кийин Кыргызстанга аргасыздан барарын да кошумчалаган. Ал буга чейин бийликти моокуму канганча жамандап жүргөнү белгилүү. Бул жагын саясый таризден алганда, интернет колдонуучулар жакшы билишет. Чечмелебей эле коёлу. Тилекмат кандай тагдырга тушугарын мезгил көрсөтсүн. Кеп оролун Эмил Жамгырчиевге буралы. Мурда кылмыш иштери козголуп, “кайырмакка илинген” эргул кантип Дубайга учуп барды? Болгондо да Тилекмат Күрөңов менен жолукканы. Бир канча убактан бери жашыруун план аркылуу иштеп, акыры куйтулук чеберчилиги аркылуу алакөөдөн оппозициячыл активистти жыгып бергени ушулбу? Паспортун “согуп” кетсе, ишпалдасын чыгарганыбы? Аныгында, саясый чөйрөдө Эмил Жамгырчиевди атайын кызматтын “агенти” катары шек санап жатышканы жөн жерден эмеспи? “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Мандеми бар го...
"Азия Ньюс" гезити