Сонунбү Кадырова: “Кайрат Иманалиевди албарстыдай азгырган катындар бар”
-- Сонунбү эже, эмнегедир Кайрат Иманалиевди катуу сындап жүрөсүз. Жеке таарынычыңыз барбы, же кылган иши менен сүйлөгөн сөзү дал келбейби?
-- Бул маселени узартпай эле, ток этер жеринен баштайын. 2009-жылы Мелис Эшимканов мага окшогон ыңгайсыз журналисттерди теледен айдап чыккан. Ошентип, жумушу жок жүрдүм. Ал арада кызым ооруп, өтүп кетти, мен өзүм микроинсульт болуп араңжан акыбалга келип, иштебей калганым үчүн карыз басып, өлө албай же кала албай жашап жаттым. Катарлап келген кырсыктан алаксыш үчүн кызымдын жылдыгынан кийин баягы бала кезден аралашкан жамаатка жарык издеп келдим. “Бир илешип калсам, эл арасында болоюн” деген үмүт менен. Бирок, мени көралбай жүргөндөрдүн чыныгы бети ачылып, “кызы өлгөн адам үйүндө отурбайбы” деп жумушка алдырбай койгондор болду. Ошол учурда Кайрат Иманалиев теледе орун басар болуп турган. Директорго бир ооз айтып коё турган жөнү бар эле.
-- Кайрат Иманалиевдин кандай алешемдиктерин баса белгилейт элеңиз?
-- Негизи өз акылы менен иш кылбайт. Анысын жакшы билген телерадиодогу беш-алты катын мурдуна чүлүк салып, жетелеп алышкан. Ошолордун айынан далай адамга жаман көрүнүп жүрөт. Өзү башынан ошондой бузуку иштерге жакын окшойт. Ал аз келгенсип берилген кызматтын жоопкерчилигин сезбейт. Адамдарга бөлүп мамиле жасайт. Ким жасакерленип, тапканынан бөлүшүп турса, ошолор менен гана иш алып барат. Эл арасында “Кайрат ишти бекер бүтүрбөйт” деген айың кептер айтылып жүрөт. Мисалы, мени менен абдан жакшы мамиле түзгөндөй көрүнүү ал үчүн анчалык кыйынга турбайт. Бирок мен жок жерде болушунча адамдарды каршы коёт. Анткени, тиги катындар укмуш калптарды айтып, мени желмогуз көргөзүп коюшкан. Аны теледен директорлуктан кеткенден кийин эле кызматташ болуп жүргөндөрүнөн уктум. “Эже, чоңдор ошентип жатса бизге эмне, тапшырманы аткарабыз да” дешти. Менин ишим жүрбөш үчүн болушунча аракетин жумшап, болгон жолдун баарын тороду. Бетиме келип жыпжылма болуп турат. Бул унчукпай турса эле мен асылып жаткандай болуп калам да анан. Кылгылыкты кылып коюп, “супсулуу” болуп, жаман көргөзө берет. Мен андай тымызын иш кылбайм. Болгонун болгондой эле айтып чыгам.
Буга УТРК эмес, тегерегиндеги беш катындын оюну кызык. Ал оюнду министрликке барганда да токтоткон жок. Шайтандай болуп кулагына шыбырап, “министр бол” деп турушту. Азыр да кулагына шыбырап, “тигини-муну сура, маданий кызматкерлерге кат жаздыр” деп жатышат. Жанында иш кылбай эле кечке көзү кызырып кресло аңдыган топ катындар албарстыдай азгырып жүрүшөт. Болбосо көп жетекчилер кызматтан унчукпай эле кетишип, унчукпай эле келип жатышат. Бул эле “коңгуроолуу көк эшектей” кызматка келмеги деле, кетмеги деле чуру-чуу. Баягы колго алып койгон адамдарын эми кечке жаздырып, жаза албаганына өзү текст даярдап берип, эмне мынча жанталашат? Билбейм. Кызматсыз калса эмне болот? Кайра бир аз эс алып, чыгармачылык менен алек болбойбу, ошондой эле күйөрмандары айткандай “оозунан сөзү куюлган чыгармачыл адам” болсо. Мен жөн эле кетип калса, ал тууралуу жаман сөз айтмак эмесмин. Жасалма жаздырып, “шум-гам” кылып жатса, кыжырың келет экен. Анын чыныгы жүзү ошол. Билими, маданияты болсо катындарга аралашабы?!