Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМК кайсы мыйзамдын негизинде “кустуруп” атат? Миллиарддар кайда кетүүдө?

УКМК кайсы мыйзамдын негизинде “кустуруп” атат? Миллиарддар кайда кетүүдө?

03-июль, 08:25
2 086 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“УКМК өткөн күздөн бери көптөгөн олигарх, чиновниктерди камап келатат. “Кустуруп” атканы да коомчулукка маалым. Бирок, ошол миллиард, миллиондор кайда сарпталууда? Эмне үчүн элге отчет берилбейт?” 

Динара Ошурахунова:

-- Коррупция менен күрөшүү ачыктыкты жана отчеттуулукту камтыйт, ансыз болбойт. Ошондуктан УКМК болобу же ИИМ болобу, иши кылса бийлик, мамлекеттик органдар жарандардын алдында толук кандуу отчет берип турууга милдеттүү.

“Кустуруудан” төгүлүп жаткан акча кайсы эсепке түшүп жатат? Аны ким ачты, ким көзөмөлдөйт, канча акча түшкөн, каяка кетип жатат? Ушул жааттан ачык маалымат берилип турушу керек эле. Андай ачык маалымат жок болгондон кийин көпчүлүк элдер арасында түшүнбөстүктөр жаралууда. “Бийлик өзүнүн чөнтөгүнө салып алууда” деген күмөн жараткан божомолдор туулбай койбойт да, туурабы? Эмнеге УКМК акчаны өзүнүн эсебине котортууда, кайсы мыйзамга таянып мындай кылууда? Ал акча мамлекеттик бюджетке түшөбү? Кантип түшөт, качан, кандай механизм менен? Кайсы жерде маалымат берилет? Ушул сыяктуу суроолор азыркы ар бир жарандын оозунда. Жооп берише алабы? Кеп ушунда!

Азиза Абдурасулова:

-- Эң биринчиси, биз ураалап сүйлөйбүз: “камалып атат, кармалыптыр, “кусуп” атат, төлөп атат” деп. Анан ошо “кусуп”, төлөп атканы канчалык деңгээлде мыйзамга ылайыктуу жана мыйзамдын алкагында болуп атат? Экинчиси, бизде ушу маселелерге келгенде “презумпция невиновности” деп Конституцияда көрсөтүлгөн да, ошол сакталбай атат. Кимдир бирөө кармалса же кармалары менен “мамлекетке баланча, түкүнчө зыян келтирди” деген ярлыкты тагып коюп атабыз. Андан кийин “ураа, тагып койду” деп, анан “момунчасын төгүп берди, үй камагына чыгарып атабыз. Баш коргоо чарасы өзгөрүлдү” дегендин өзү да күмөндүү жоромолду жаратууда. Мунун баарын тергөө иликтеп, бул адам мамлекеткеби, жеке жарангабы, кандай зыян келтирди? Ошону ачык айтып, ачык өкүм чыгарса, айыпталуучуга мүмкүнчүлүк болуш керек эле, кийинки инстанцияда өзүнүн укугун коргоп барганга. Ошол төгүлүп аткан акчалар, кайтарылып аткан мүлктөр соттун чечиминде ачык көрсөтүлүшү керек: “Бул мамлекетке төгүлсүн же бул зыян тарткан жаранга кайтарылып берилсин” дегендей. Антпей аткандары коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратууда. Бийлик тарабынан кандай гана кадамдар болбосун мыйзам чегинде иш алып баргандары абзел. УКМК жалгыз өзү камап, тергеп, чечим чыгарып, айып тагып, анан жалгыз өзү “кустуруп” атканы абдан туура эмес. Чындап эле кайтарылып атабы, кайтарылып атса кайда түшүүдө? Мамлекеттик казынагабы же бирөөнүн чөнтөгүнөбү? Кайсы айыпталуучулар төлөп атышат? Бул суроолор ачык бойдон калууда...

Токтайым Үмөталиева:

-- Мен ойлойм, ушу нерселердин баары ачык болбогондуктан кандайдыр бир деңгээлде бийликке коркунуч жаратып аткансыйт. Себеби, УКМКнын кылып аткан ишин көрүп атабыз. Кайсы механизм менен камакка алып, “кустуруп” аткандары бизге белгисиз. Ачык-айкындуулукту эч ким билбей калды. Кайсы статьянын негизинде жана иштөө ырааттуулугу элге түшүнүксүз бойдон калууда. Азыр “Кыргызнефтегаз” боюнча иш козгоду. Юридикалык уюмдун үстүнөн. Ошонун обороттогу бир топ акчасын “кустуруп” атат. Жеке менчик ишканаларды айтпай тек коёлу. Мамлекеттик компаниялардын эсеп-чотундагы колдонуп аткан акчаларды апкелип алып, өзүлөрүнүн эсебине салып койгондорун кандайча түшүнөбүз? 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер