Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөнүн 80%ы англосакстарга колония болгон, алардын кандай ачкөз, мыкаачы, расисттер экени белгилүү

Дүйнөнүн 80%ы англосакстарга колония болгон, алардын кандай ачкөз, мыкаачы, расисттер экени белгилүү

19-август, 09:00
427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы тууралуу маалыматтар, талаш-тартыштар эфирди жык каптап турган кез. Батыш пропагандасы бирди айтып, орус пропагандасы экини айтып, баш айланып атса, “өлө албай атып өлөң айтат” дегендей болуп, кыкеңдер да чыга калып атат эфирге. 

Чатактын келип чыгуусунун көптөгөн себептерин эске албастан эле “оюма келгенди оттоп, карапайым элдин башын айлантып, ээрчитип алам” дегенсип Украинада жашаган бир кыргыз жигит “мен көп жыл Украинада жашадым, бир да нацист көргөн жокмун, бирөө да мени “черный, чурбан, чурки” деген жок. Украиндер нацист эмес, андай шовинистер Россияда, Москвада. Накта фашисттер орустар, тынч жаткан Украинаны басып кирип, үйүн өрттөп, баласын өлтүрүп, кызын зордуктап жатат” дейт. Ушул эле маани-мазмундагы кепти буга чейин дагы бир-эки ирет башкалардын оозу менен айтылганын уккандан кийин бул тууралуу кыскача ой-пикир билдирип коюуну туура көрдүм.

Биринчиден, өздөрү “чурка, чурбан, черныйдай” болуп укронациктер менен саткын элитасынын алдында кор болуп, “бирдиктүү Батыштын” оруска каршы чагымынын курмандыгы катары кырылып аткан Украинанын карапайым калкы бирөөнү “чурбан” деп кордогондун балакетин алабы? Же эмне, жалпы украин элин бирөө “нацисттер” дедиби? Алар өзү ошол бийликти басып алган нацисттердин курмандыгы болуп атпайбы! Экинчи дүйнөлүк согушту тутанкан гитлердик фашисттер менен кошо жалпы немис эли азапка калып жапа чеккен, бирок жалпы немис калкы фашист эмес да. Эрнис Тельман башында турган антифашисттер, Гитлерге каршы чыккан немистин генерал-фельдмаршалдары тарыхта турат.

Батыштын тукуруусу менен 2014-жылы төңкөрүш жасап, бийликти басып алган неонацисттер Бандера менен Шухевич деген Гитлердин куйруктарын баатыр кылып, Украинаны фашисттерден бошоткон полководецтердин эстеликтерин уратып, 9-майды майрамдоого тыюу салып, Одессада чыккан антимайданды профсоюздар үйүндө 49 адамды тирүүлөй өрттөгөнүн, ушундай карателдик операциялар Украинанын баардык аймактарын каптап, Луганск менен Донецк ачык каршы чыгып, калган эл коркуп, нациктердин астында баш көтөрө албай моюн сунганга мажбур болгонун кайда катабыз? Же эмне, “неонацисттердин Одессада элди тирүүлөй өрттөгөнүн жалпы украин эли колдоого алып, кол чаап турган” деп айта алабызбы?

Экинчиден, “жөн жаткан украиндерге орустар басып кирип, үйүн өрттөп, баласын өлтүрүп, кызын зордуктап жатса, кантип каршы согушпайт?” деген жалганга оролгон пропаганда атайын операциянын алгачкы күндөрүндө гана эффект берип, башында гана элде тескери маанай жаратып, убакыттын өтүшү менен кимдин ким экени бүт дүйнөгө маалым болгон. 

Нацбаттар менен ВСУнун Украинанын чыгышындагы элге кылган жырткычтыктары, тоноолору, зордуктоолору, эч себепсиз өлтүрүүлөрү колго түшкөн аскерлерге карата жасалган мыкаачылыктар, жөнөкөй жарандарды тирүү шит кылып колдонуулары, “Донбасс оруска өтө турган болуп калды” деген таризде шаарларды быт-чыт кылып түгөл жардырып, аткылап, кыйратып кетишип баратканы эле алардын жүзүн даана көрсөттү. Бошотулган шаарлар менен айылдардын эли орус аскерлерине жалдырап, “кетпегиле, биротоло келдиңерби?” деп кучактап, ыйлап тосуп алып аткан видео далилдер, колго түшкөн нацисттердин кылган кылмыштарынын көрсөтмөлөрү факт катары топтолуп турат. Ал эми “баланча баланы, түкүнчө кызды баландай жерде зордуктады, өлтүрдү” деген жөөжомоктордун бети ачылып, айткан айыптоолоруна жооп бере албаган Украина омбудсмени отставкага кетүүгө мажбур болду. Көрсө, кызы экөө отуруп алып, күнү-түнү ойдон чыгарып жазып, эфирди толтуруп турушкан экен.

Үчүнчүдөн, эгер орустар чындап эле тынч жаткан Украинаны байлыгына, жерине кызыгып басып кирген болсо, анда ошол эле орус калкы бийлигине каршы көтөрүлүп, согушту токтотууну талап кылып, керек болсо төңкөрүп салмак. А эмне үчүн азыр батыштык сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Владимир Путинди 80% эли колдоп турат. Анткени эл ким себепкер экенин билет. 

“Россияны Украинанын колу менен алсыратып, санкциялар менен экономикасын кыйратып, элин жакырчылыкка кептесек, нааразычылыктар бейстабилдүүлүккө айланып, бийлиги кулап, хаос башталып, СССРге окшоп кыйраса, 8-9 мамлекетке бөлүп, марионеткаларды коюп алып, Россиянын ресурстарына туйтунуп, жыргал жашообузду дагы 500 жылга узартып, күчтөнүп, жер үстүнө толук кожоюндук кылабыз” деген пландары орус эли эле эмес бүт дүйнөгө маалым. Ошондон улам бүт дүйнө элдери Россия негиздөөчүлөрүнүн бири болгон БРИКСтин айланасына чогулуп, Аргентина, Египет, Иран, Түркия, Индонезия, Сауд Арабия ж.б. кошулууга ниеттерин билдирип жатат. Анткени дүйнөнүн 80%ы англосакстарга колония болгон, алардын кандай ачкөз, мыкаачы, расисттер экенин баштарынан өткөргөн. Эми орус кыйраса, түбөлүктү кулчулук кайра баштарына келерин ачык билишет. Ошондуктан жол бербөөгө болгон аракеттерин жасап жатышат. 

А Батыштын итаягын жалап калган айрым жарандар жыйынтыгында эли кыйрап, кулчулукка тушугары менен иши жок. Кулчулуктан чыгарып, эгемендикке жеткизген союздашыбыз Россияга асылып, “ай койгула” дегендерди “орускул” катары боктоп жатышат. “Арапкул” дегендердики жетишпей атты эле! 


Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер