Акыркы кабарлар
» Коом » Ошто талапкердин жолугушуусуна келген студенттердин окуясы териштирилет
Ошто талапкердин жолугушуусуна келген студенттердин окуясы териштирилет
03-ноябрь, 19:29
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаарында 3-ноябрда "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур катыштырылганы боюнча маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүүдө. Шаардык милиция ондон ашык студент суралып, түшүнүк кат жазып бергенин билдирди.
"Азырынча мыйзам бузуу болгонун же болбогонун айтуу эрте. Эгер студенттер өз эрки менен келсе, алардын укугу тебеленбейт. Социалдык тармактарда жазылып жаткандай, аларды кайсы бир мугалим коркутуп, үгүт иш-чарасына катыштырган болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөт" деди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.