Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакен Досалиева: “Жаңы конуштар маданияттуу деңгээлдеги коомчулук болушуна көп убакыт бар”

Бакен Досалиева: “Жаңы конуштар маданияттуу деңгээлдеги коомчулук болушуна көп убакыт бар”

21-июнь, 09:00
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин» аткаруучу директору менен маек.

-- Жаңы конуштардын жашоо деңгээлине кандай баа бересиз?

-- Жакшы жашоого аракет кылып жатышат. Жакшы жашагандар да, өтө начар жашагандар дагы бар. Жаңы конуштар шаардын көркүнө көрк кошуп, маданияттуу деңгээлдеги коомчулук болушуна али көп убакыт бар деп ойлойм. 

Биздин Бишкек шаарынын жаңы конуштарында көйгөйлөр арбын. Өзгөчө үй-бүлөгө, балдарга карата болгон зордук-зомбулук абдан курч. Негизинен жолдоруна асфальт төшөлүп, суу түтүктөрү чыгып, канализация, газ кире баштагына алар кубанычта. Бирок бала бакча, мектептердеги орундардын жетишсиздиги, аялдарга иш орундарын түзүү курч абалда турат.

-- Дагы кандай көйгөйлөр жүрөк оорутат?

-- Экстремисттик кыймылдар, наркомания, таксикомания дегендер бар. Мигранттардын балдары боюнча да көйгөйлүү маселелер көп. Аялдардын, кыздардын жумуш менен камсыз болуусу дагы чоң маселе. Көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр материалдык жактан жабыркашып, уруш-талаш жаралат экен. 

Азыр коопсуздук маселеси көтөрүлүп жаткандыктан, аялдар өздөрүнө өздөрү жардам берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошол иш-чаралардын натыйжасын көрүшүп, элдин аң-сезими оңолуп, арак ичкендер арагын ташташып, балдары менен келишпегендер балдары менен ынтымактуу болуп калышты. 

 
Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер