Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жумабековдун талапкерлиги алынбаса, шайлоо лигитимсиз болуп калабы?

Жумабековдун талапкерлиги алынбаса, шайлоо лигитимсиз болуп калабы?

17-сентябрь, 16:38
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Спикер Дастан Жумабеков 14-сентябрда парламенттин төрагасы катары Таласка иш-сапары менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Кызыгы, андан бери бул каражат боюнча басма сөз кызматы үч башка маалымат таратты. Алгач сүйүнчү пул төраганын фондунан бөлүнсө, кийин үй-бүлөсүнүн атынан берилгени, ал эми 17-сентябрда фонд аркылуу ыйгарылганы кабарланды. “Балык башынан сасыйт” дегендей, Жумабековдун сабатсыздыгына жараша кызматкерлеринин деңгээлине күбө болуп жатабыз. 

Эң башкысы, Дастан Жумабековдун мыйзамды аттап өткөн мындай кылыгына БШК адилеттүү түрдө баа берип, шайлоо жарышынан четтетүү маселесин карашы керек. Биздин сайтыбызга БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова буларды айтты: “Мен БШКга кайрылганыма үч күн болуп кетти. Алар “таанышып, териштирип, анан карашыбыз керек” деп убакытты созуп жатышат. БШК коллективдүү орган болгондуктан, маселени жалгыз чече албайм. Мыйзамда “баардык талапкерлерге бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек” деп жазылып турат. Спикердин бул кадамын административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу катары баалайм. Талас облусунун губернаторун, мамлекеттик телеканаладарды ээрчитип алып кайрымдуулук кылганы – жеткен мыйзамсыздыктын белгиси. Азыр Дастан Жумабеков кандай жагдайды түзүп койду? Өзү демилгелеп, Жогорку Кеңештин ишин токтотуп койду. Ошондуктан төрага бул кылыгы үчүн уялышы керек. Жумабеков Кыргызстандагы экинчи адам, эгерде “парламенттик мамлекет” деп эсептесек, анда биринчи адам. Жогорку кызмат ээси мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, тизмеден өзү эле чыгып кетиши керек болчу. Мыйзам чыгаруучу органдын жетекчиси болуп туруп, Конституцияны одоно бузуп, анысы аз келгенсип, жоопкерчиликтен кутулуу максатында ар кандай шылтоо издеп жатканы уят! Эгер Дастан Жумабеков тизмеден чыкпаса, партиянын жоопкерчилигин карашыбыз керек болот. Мен ушуну талап кылам!” деп.

Ооба, спикер Жумабековдун талапкерлиги алынып салынбаса, анда парламенттик шайлоо лигитимдүү болбой калат да, туурабы? Качанкыга чейин тагдырдын эрке баласындай кутура берет?..


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер